Беш жана 10 номиналындагы кыргыз сому ebay порталында 1200 долларга сатылууда

© AFP / TED ALJIBEАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сатыкка коюлган купюралардын сериялык номери да өзгөчө

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ebay интернет-аукционунда беш жана 10 сом номиналындагы эки купюра сатыкка коюлду.

2000 сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
2000 сомдук купюра өз баасынан 6 эсе жогору сатылып жатат. Себеби
Анын баасы 1200 доллар (82 миң сом). Эки купюрада тең "ҮЛГҮ" деген жазуу бар жана сериялык номери жалаң нөл санынан турат.

КР Улуттук банктан Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдашкандай үлгү катары чыгарылган купюраларга бир нерсе сатып алууга болбойт.

Кыргызстандын валюталары аукцион аркылуу буга чейин да сатылып келген. Тактап айтканда 1 тыйын үлгүсүндөгү кагаз акчасы 3 миң рублга бааланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0