Дарыгер. Архив

Бишкекте Түркиядан келген маммолог менен онколог элди акысыз көрүүдө

259
(жаңыланган 09:24 13.07.2018)
Борбор калаага чет элдик бир мамолог жана бир онколог келген

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек шаарына түркиялык дарыгерлер келип онкологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптарга акысыз кеп-кеңеш берип жатат. Бул тууралуу Окан университетинин алдындагы книникасынын доценти Тайфун Ханджинар билдирди.

Анын айтымында, чет элдик адистер борбор калаада эки күндөй болот.

"Кыргызстанга бир маммолог жана бир онколог келдик. Биз эки күн аралыгында кайрылган жарандарды акысыз көрүп, аларга кеп-кеңеш беребиз. Эгерде аларды Түркияга жиберүү зарылчылыгы пайда болсо, ал жагынан да көмөктөшөбүз", — деди Тайфун Ханджинар.

Андан сырткары, алар жергиликтүү онкологдор менен тажрыйба алмашууну пландап жаткандыгын кошумчалады.

Кабыл алуу Орозбеков көчөсү, 32 дарегинде жайгашкан "Амбассадор" мейманканасынын жыйындар залында жүрүп жатат. Байланышуу телефону: 0559 900 100

259
Белгилер:
дарыгерлер, онкология, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан балдарга 2,4 миллион сом бөлдү
Онкология борборунун башчысы Тилеков: энем өлсө кантип ыйлайм деп сарсанаа болдум
Эркектер боор рагына көбүрөөк кабылат. Себеби эмнеде?
Пикирлер