Эмне үчүн аба ырайы +60 градус болот деп айтылган? Кыргызгидрометтин түшүндүрмөсү

Жазылуу
Өлкөнүн башкы синоптиги жарандарды ачык асман алдында көпкө турбоого чакырды.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызгидрометтин башчысы Зарылбек Итибаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маектешип, күн 60 градуска чейин ысыйыт деген билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берди.

Анын аба температурасы жакынкы күндөрү ачык жерлерде 60 градуска чейин ысыйт деген маалыматынан кийин социалдык тармактардын колдонуучулары ишене бербей, абанын температурасын көлөкө эмес жерде кантип ченөөгө болот деп суроо берип чыгышкан.

Итибаевдин айтымында, ачык жерлерде деп ал топурак, асфальт жана кумду айткан.

"Ысык күндөрү мен кызматкерлерге көлөкөдөгү абанын температурасын гана эмес, жер кыртышыныкын дагы текшерип көргүлө дегем. Абанын температурасы 40 грудуска чейин чыгат, ал эми жер кыртышы ар дайым абаныкынан 20-25 градус жогору болорун айткам. Мындай көрүнүш 8-9-июль күндөрү байкалды", — деп түшүндүрдү Итибаев.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө күн кандай болот? Бир жумага карата аба ырайы
Ошондой эле мындай ысык ыбы ырайы  адамдарга, өзгөчө ачык жерде көп тургандарга ар кандай ооруларды алып келүү кооптуулугу айтылды.

Итибаев кошумчалагандай, учурда абанын табы +32 градуска жетүүдө, бирок  түштүк аймактарда +40ка чыккан учурлар болуп жатат.

15-июлдан тарта өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде ысык 40 градустан жогору көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0