ЖККУнун Кант авиабазасы КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына машыгуу учуулар үчүн тик учагын берип турган

"Кант" авиабазасы КР Башкы штабына машыгуу үчүн тик учагын берип турду

112
(жаңыланган 12:00 13.07.2018)
Атайын машыгуулар келечектеги курсант-авиаторлор үчүн өткөрүлдү.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. ЖККУнун "Кант" авиабазасы КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына машыгуу учуулар үчүн тик учагын берип турганын авиабазанын маалымат кызматы билдирди.

МИ-8 тик учагы менен атайын учуу аэродромдун базасында болгон. Бул иш КР Куралдуу күчтөрүнүн эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчилигинин суранычы менен орундалган.

  • Тренировочный полет авиабазы ОДКБ Кант
    ЖККУнун "Кант" авиабазасы КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына машыгуу учуулар үчүн тик учагын берип турган
    © Фото / пресс-служба российской авиабазы ОДКБ "Кант"
  • Тренировочный полет авиабазы ОДКБ Кант
    МИ-8 тик учагы менен атайын учуу аэродромдун базасында болгон.
    © Фото / пресс-служба российской авиабазы ОДКБ "Кант"
1 / 2
© Фото / пресс-служба российской авиабазы ОДКБ "Кант"
ЖККУнун "Кант" авиабазасы КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына машыгуу учуулар үчүн тик учагын берип турган

Машыгуулардын максаты —  болочоктогу учкучтардын түрдүү бийиктикте өздөрүн алып жүрүүсүн сыноо жана организмдин капыстан, тез алмашууларды кантип көтөрө турганын аныктоо болгон.

КР аскер күчтөрү кызматынын дарыгери балдардын бардыгы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Тандалган абитуриенттер Кыргызстан менен Россиянын аскердик билим берүү кызматташтыгынын алкагында Сызрань шаарындагы жогорку авиациялык училищеден окушат.

Белгилей кетсек, Башкы штабга таандык Ми-8 аскердик тик учагы Ысык-Көлдө куткаруу операциясы учурунда кырсыктап жарактан чыккан.

112
Белгилер:
тик учак, авиабаза, Башкы штаб, Кыргызстан
Тема боюнча
Талкаланып кетиптир! Ысык-Көлдө кулаган тик учактын сүрөтү
Оозду ачырат! Ысык-Көлдө өткөн аскердик машыгуунун сүрөттөрү
Пикирлер