Нурдин Сулайманов: Жантөрө Сатыбалдиев да ооруканага которулушу мүмкүн

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүД.Медведев и Ж.Сатыбалдиев встретились в Подмосковье
Д.Медведев и Ж.Сатыбалдиев встретились в Подмосковье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ТЭЦ чыры боюнча камакка алынган депутат Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Камакта жаткан экс-өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жакынкы күндөрү ооруканага которулушу ыктымал экенин Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу медициналык текшерүүдөн өтүүгө муктаж экенин айтып, өзү кайрылган.

"Июль айынын башында УКМКнын тергөө абагына жардамчым барып келди. Жантөрө Сатыбалдиев "беш жыл илгери инфаркт болгом. Жыл сайын дарыланып турчумун" деп айтыптыр. Бир-эки күн мурда аны УКМКнын кызматкерлери УЗИге алып барышыптыр. Ооруканага которулабы, жокпу ошонун жыйынтыгына карап чечилерин айтышкан", — деди Сулайманов.

Ал эми УКМКнын маалымат кызматынан Сатыбалдиев ушул тапта атайын кызматтын дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп жатканын айтышты.

"Анын мурда инфаркт болгон-болбогону, жыл сайын болуучу дарылануусу боюнча маалыматыбыз жок", — дешти маалымат кызматтан.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ТЭЦ боюнча документтерди алуу үчүн Кытайга кайрылат
Эске салсак, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдеев 18-июнь күнү Бишкек ТЭЦине байланыштуу чырлуу иш боюнча кармалган.

Өтүп бара жаткан аптада ушул эле кылмыш иштин алкагында камакка алынган депутат Осмонбек Артыкбаев ооруканага жатканы айтылып, кийин анын жактоочусу дарыгерлер эл өкүлүн операцияга даярдап жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0