Алмаз Кененбаев: Албек Ибраимовдун дайыны жок

© Sputnik / Табылды КадырбековАредседатель Бишкекского городского кенеша Алмаз Кененбаев
Аредседатель Бишкекского городского кенеша Алмаз Кененбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңештин депутаттары бүгүн кезексиз жыйынга чогулду.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев бүгүн өткөн кезексиз жыйында мэр Албек Ибраимовдун кайда экенин билбей турганын айтты.

"Биз расмий түрдө телефонограмма менен кабарлаганбыз, бүгүнкү күнгө чейин дайыны жок деп койсок болот", — деди ал.

Депутаттардын бири Ибраимовдун телефону өчүк бекен деп суроо салганда Кененбаев "билбейм" деп жооп кайтарды.

"Кыскасы байланыша албай дайыны жок болуп жатат. Ал боюнча мен маалымат бере албайм", — деди ал.

Бүгүн шаардык кеңеш Албек Ибраимовго бир добуштан ишеним көрсөткөн жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0