Башкы прокуратура: Конгантиевдин токтотулган кылмыш ишине укуктук баа берилет

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүГлавы МВД стран ШОС провели совещание в Екатеринбурге
Главы МВД стран ШОС провели совещание в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК "Конгантиев 2010-жылы кандуу апрель окуяларына күнөөлүү эмес" деген негизде анын кылмыш ишин кыскарткан.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Башкы прокуратура мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин УКМК тарабынан токтотулган кылмыш ишин иликтеп көрүп, укуктук баа берет. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Башкы прокуратурасына Конгантиевдин кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүсү керектигин айткан болчу.

"Учурда кылмыш ишинин мыйзамдуулугу текшерилип, кабыл алынган чечим канчалык негиздүү экени иликтенип жатат. Жыйынтыгында укуктук баа берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мудагы ички иштер министрине 2010-жылкы ыңкылаптан кийин КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 305-беренеси (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 316-беренелери (Шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми июль айынын башында УКМК "Конгантиев 2010-жылы кандуу апрель окуяларына күнөөлүү эмес" деген негизде анын кылмыш ишин кырскарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0