Чөп ташыган трактор. Архивдик сүрөт

Бишкекке жакын жерден чиркегичи жалындап бара жаткан тракторду тартып алышты. Видео

1777
(жаңыланган 19:07 13.07.2018)
Чүй облустук милициясы маалыматты текшерип жатат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Виноградное айылына чиркегичи алоолонуп өрттөнгөн трактор айылды аралап өткөн учуру тартылган видеону OMKS Instagram-порталы жарыялады.

Видеодо трактордун чиркегичинде алоолонуп күйүп жаткан таңгакталган чөп экенин көрүүгө болот. Айдоочу трактордун капталына чыгып алып аны башкарып бара жатат.

Чүй облустук милициясы бул маалыматты текшерип жатканын билдирди. Ал эми өрткө каршы күрөшүү кызматы 10-июлда чиркегичте өрттөнгөн чөп боюнча билдирүү түшпөгөнүн айтты.

Көчөдө күйүп бараткан тракторду башка күбө дагы тартып алып интернетке жарыялаган.

1777
Белгилер:
трактор, Өрт, милиция, Аламүдүн району, Чүй облусу
Тема боюнча
Ысык-Атада чөп жүктөлгөн эки чиркегич күйүп кетти. Видео
Согуш талаасындай... Баткенде күйүп кеткен май куюучу жайдын сүрөттөрү
Пикирлер