Бишкекте кызылча менен ооруган балдардын саны кескин өстү

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр кызылча менен 5 киши ооруса, быйыл жыл башынан берки алты айда эле 300 бала жуктуруп алган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстанда кызылча дартынан жабыркагандардын саны көбөйүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишнапысова билдирди.

Анын айтымында, эгер былтыр кызылча менен беш киши ооруса, быйыл 300гө жетти. Кыргызстанга аталган инфекция Европадан келгени айтылууда.

"Негизинен дартка Кыргызстанга кайтып келген мигранттардын балдары кабылды. Андан сырткары, эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин балдары жабыр тартууда. Бул дарттын аба аркылуу жугушу да көйгөй жаратып келет. Биринчи кабатта жашаган наристе ооруса инфекция 9-кабатка да жетет", — деди Ишенапысова.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Саратанда кимге көлгө барууга болбойт? Ысык-Көлдөгү 7 кооптуу көрүнүш
Ал кызылчага иммунитети толуп калыптана элек беш жашка чейинки балдар кабылганын белгиледи. Бирок оору 2014 жана 2015-жылдарга салыштырмалуу анчейин жайылган эмес. Эскерте кетсек, ал убакта аталган дарттан жапа чеккендердин саны 20 миңге жеткен.

Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Sputnik агенттигинин кабарчысына жыл башынан бери ооруканага 241 адам кайрылганын айтып берди. Бейтаптар республиканын ар бурчунан келүүдө.

Аалиев кызылчанын белгилери сасык тумоонукуна окшош экенин белгиледи. Бейтаптын дене табы жогорулап, алы кетет. Эгер денеге майда кызыл бүртүкчөлөр чыгып кетсе дароо доктур чакыруу керек. Дарыгер мындай адамды коомдук транспортко түшүүдөн баш тартууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0