Бишкектин айрым бөлүгүндө бир жума газ жок болот. Көчөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековВключение газовой плиты с помощью спички
Включение газовой плиты с помощью спички - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратылыш газынын өчүрүлүшүнө пландалган оңдоо иштери себеп болууда.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Борбор калаада оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан Бишкектин негизги көчөлөрүндө газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

13-июлдан 20-июлга чейин төмөнкү райондордо көгүлтүр от болбойт:

— Элебаев, Толстой, Кулатов жана Байтик баатыр көчөлөрү;

— Кулатов, Жукеев-Пудовкин, Горький, Байтик баатыр;

— Кыргызавтомаш заводу, "Алькони" ишканасы (Матросов, 1А көчөсү), "Глобус" соода түйүнү (Матросов, 1А көчөсү), "Байтур" ден соолукту чыңдоо борбору.

Маалыматка караганда, жаратылыш газынын өчүрүлүшүнө пландалган оңдоо иштери себеп болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0