Албек Ибраимовдун архивдик сүрөтү

Ибраимов шаардыктарга берген убадасын аткардыбы?

359
(жаңыланган 12:16 02.08.2018)
Албек Ибраимовду шаардык кеңештин депутаттары 13-июлда ишенбөөчүлүк көрсөтүп кызматтан алды. Ал калаа башчылыгына 2016-жылдын февраль айында төрт жылга шайланган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек мэри Албек Ибраимов менен. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Шаардык кеңештин токтому премьер-министрге жөнөтүлдү. Өкмөт башчы ага макул болуп, мэрликтен бошотуп ийүүгө да, калаа депутаттарынын чечимине макул болбой коюуга да укугу бар. Ал эми Ибраимов шаардык кеңештин чечими ал үчүн күтүүсүз болгонун айткан. 

Ал арада Sputnik Кыргызстан агенттиги Ибраимовдун кандай убадаларды берип, кайсыларын ишке ашыргандыгын тактап көрдү.

Коомдук транспорт

Албек Ибраимов кызматка келгенде эле шаардагы коомдук транспорттун кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу үчүн газ менен жүргөн 100 автобус жана 50 троллейбус сатып келине тургандыгын айтып чыккан. Учурда газ менен иштеген 12 автобус менен тогуз троллейбус элди ташып жатат. 

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Бишкекке келген 122 миң евролук жаңы троллейбустар. Видео

Жол куруу 

Ошондой эле ал талапкер болгон кезде 2017-жылы борбордогу жалпы узундугу 219 чакырымды түзгөн 102 көчө оңдолуп, эстакадалык көпүрөлөр салына тургандыгын жар салган. Ал жылы Бишкекте 57 көчө жасалып, Кытай берген насыяга 95 чакырым жол жарым-жартылай курулуп бүткөн. Ал эми автоунаалар өтчү төрт эстакадалык көпүрө азыр салынууда

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Бишкекте курулуп жаткан алгачкы эстакадалык көпүрө. Видео

Андан сырткары, жер үстүнөн өтүүчү төрт өтмөк куруу пландалган. Азыр алардын экөө бүткөрүлдү

© Sputnik / Акылбек Батырбеков , Эмиль Садыров
"Мадина" базарынын жанына 17 млн. сомго жер үстүнө өтмөк курулду

Ошондой эле калаада автоунаалар жарышчу жаңы трасса менен веложол салына тургандыгы айтылган. Андагы веложол жарым-жартылай бүтсө, трасса боюнча долбоордон кабар жок. 

Тазалык маселеси

Ибраимовдун убадаларынын арасында таштандыны кайра иштетүүчү полигон куруу да айтылган. Бирок бийлик тарабынан ага азыркыга чейин жер бөлүнүп бериле элек.

Калааны көрктөндүрүү

Бишкекти эки жылдан ашык башкарган Ибраимов тротуар, көчө кесилиштерин, жол чырактарды, парк менен скверлерди жакшыртууга бюджеттен акча бөлдүрүүгө аракет кыла тургандыгын да айткан жайы бар. Ал үчүн 2017-жылы мэрия 120 миллион сом бөлүп берген. Ошол каражатка отургучтарды, тротуарларды оңдоп, "Жашыл токой", "Молодежный" скверлерин жарыктандырууну жана "Жеңиш", "Кара жыгач", Юлиус Фучик атындагы сейил бактарын капиталдык ремонттон өткөрүү каралган. Учурда бир катар коомдук жайларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. 

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Как преобразится "Восток-5" — планы мэрии в одном видеоролике

Көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай 

Эки жыл мурун мэр акы төлөнүүчү көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулушу пландалып жаткандыгын кабарлап, качан бүтөрүн айткан эмес. Азыркы маалда андай объект "Айчүрөк" соода борборунун аймагында гана салынууда. 

359
Белгилер:
убада, мэр, Албек Ибраимов, Кыргызстан
Тема:
Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө (12)
Тема боюнча
Албек Ибраимов шаардык кеңештин чечими боюнча видео кайрылуу жасады
Атамбаев Албек Ибраимовдун кетиши боюнча билдирүү жасады
Ээрден оогон Албек Ибраимовдун эмне байлыгы бар? Декларация
Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы

Шаршембиге карата аба ырайы

52
Синоптиктер шаршембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөй турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү, 21-октябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14...+19 градус жылыйт.

Чоң Алайда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Күндүн табы Бишкекте +23...+25 жана Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.

52
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
2-ноябрда Жерге астероид түшүшү ыктымал
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев

COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны

177
(жаңыланган 20:12 20.10.2020)
Эртең менен биринчи вице-мэр болуп дайындалган Түлеев Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин шаар башчысынын милдетин аткарып калды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу жетекчинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Түлеев бүгүн эртең менен вице-мэрликке дайындалып, шаар башчысы Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин калаа жетекчисинин милдетин аткарып калды.

Түлеев: чынын айтсам, мэрияга баргым келген эмес

Түлеев вице-мэрлерди, акимдерди жана шаар кызматтарынын жетекчилерин чогулткан.

"Мэрдин милдетин аткаруучу коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык абалга тынчсыздануусун билдирди. Экономика жана финансы боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаевге райондук салык башкармалыктарынын жетекчилерин чогултуу тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Түлеев эпидемиологиялык абал өлкө боюнча татаал экенин белгилеп, вирус жайылып кете турган болсо шаар ага даяр болушу керектигине токтолгон.

Мындан тышкары, жыйында шаар кызматтары калааны тазалоо иштерин күчөтүшү керектиги кошумчаланды.

177
Белгилер:
эпидемия, жыйын, Бишкек мэриясы, Нариман Түлеев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Абакта "авторитет" болгон. Бишкек мэрлигине кайра келген Түлеев жөнүндө 7 факты
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

192
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

192
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы