Дарыланууга 1,5 миллион сарптадым! Кыргызстандык бейтаптын санаасы

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATОнкологиялык илдеттерди дарылоочу аппарат. Архив
Онкологиялык илдеттерди дарылоочу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын бөлүнгөн каражат которулгандан бери жыл айланса да онкологиялык илдеттерди дарылоочу аппарат Кыргызстанга азыркы күнгө чейин алып келине элек. Аны сатып алуу эмнеге созулуп жатканын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы тактап көрдү.

Наиль Насретдинов рак кеселинин төртүнчү (операция жасалбай турган) баскычтагысынан азап чегип келет.

"Ооруну басаңдатуучу дары-дармексиз жашай албайм. Жамбаш сөөк, чычаңдын тушунда теннис тобу коюлгандай шишик бар. Операция кылууга болбойт, шишик өтө эле чоң. Онкологдор буга тек гана химия терапия менен коштолгон шоолага кактоо жардам берерин айтышат", — деди Наиль.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча жыл сайын 5,5 миң кыргызстандык онкологиялык кеселге чалдыкканы аныкталат, анын ичинде жүзгө жакыны — жаш балдар.

Ушул тапта өлкөдөгү жаман кеселден жапа чеккендерге нур тездеткич — бардык ткань жана органдарда пайда болгон арты кайырсыз шишиктерди дарылоодо колдонулчу радио-нур аппараты зарыл. Бул жабдык шишикке жогорку кубаттуулуктагы рентген нурларын жеткирүүнү камсыздайт, мында нур шишикти гана жабыркатып, айланасындагы таза ткандарга зыян тийгизбейт.

Аппарат сатып алууга бөлүнгөн 10 млн. доллар кайда?

Centerra Gold Inс компаниясы Онкология жана гематология улуттук борбору үчүн аталган аппаратты жана башка медициналык жабдыктарды сатып алууга былтыр 10 миллион доллар бөлүп берген. Каржылык көмөк кыргыз өкмөтү менен болгон келишимдин алкагында көрсөтүлгөн.

Оорукана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мөөнөтү 4 жылга узарган ординатурага 1 млн. сом керек! Маселенин күңгөй-тескейи
2017-жылдын октябрында Онкология жана гематология улуттук борборунун директору Эрнис Тилеков жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маегинде аппарат 2018-жылдын май айында сатып алынарынан үмүттөнгөнүн билдирген. Аппаратты сатып алууну тескөөчү Онкологиялык кызматты колдоо фондусу Саламаттык сактоо министрлигинин алдында өкмөт тарабынан түзүлгөн. Анын курамына Жогорку Кеңеш депутаттары, коомдук ишмерлер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистер кирген. Алар жарым жыл жабдыкты сатып алуу үчүн техникалык тапшырманы жана мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылчу документти даярдашкан. Бирок Эсеп палатасы жана парламент мындай кымбат техниканы сатып алуу ыкмасы өлкөнүн Бюджет кодексине каршы келет деп чечип, 10 миллион долларды республикалык бюджетке которушкан.

Натыйжада фонду таркатылып, алардын ишинин жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Жабдык Кыргызстанга качан алып келинет?

Наиль Насретдинов бул аппарат менен дарыланууга Санкт-Петербургда 1,5 миллион рубль сарптаган. Мындан тышкары, турак жай жана тамак-аш чыгымдары да бар эмеспи.

"Шоолага кактоо процедурасынын акысы Питерде Израиль же Түштүк Кореяга салыштырмалуу арзан. Мен беш "химия" курсунан өтүп, андан соң химия-нур терапиясынан 25 сеанс алдым. Жыйынтыгы кийин белгилүү болот… Мага окшогондор өлкөбүздө көп. Аларга кол сунууга ашыкпагандары өкүнүчтүү", — деп улутунат Наиль.

Нур тездеткичин сатып алуу Онкология жана гематология улуттук борборунун башчысы Эрнис Тилековдун жоопкерчилигинде. Ал жабдыкты тендер өткөрүүдөн кийин гана сатып алууга болорун, эң тез дегенде ушул жылдын соңунда алынарын түшүндүрдү.

© Sputnik / Табылды КадырбековОнкология жана гематология улуттук борборунун башчысы Эрнис Тилеков
Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Онкология жана гематология улуттук борборунун башчысы Эрнис Тилеков

"Тендер өткөрүүгө документтерди комиссия даярдамакчы. Анын катарына кимдер кирери бир-эки ай ичинде аныкталат", — деди Тилеков.

Анын айтымында, аппаратты өлкөгө эки компания алып келе алат. Кокус бузулуп калса деп эки тездеткич сатып алуу пландалууда. Тилеков билдиргендей, аларга 4 миллион доллардын тегерегинде сарпталып, калган каражатка магниттик-резонанстык томограф, наркоздук-дем алуучу аппарат, реанимациялык бөлүм үчүн көп функциялуу медициналык керебеттер жана башка жабдыктар сатып алынат.

Онкологиялык кызматты колдоо фондусунун мүчөсү болгон Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова тездеткичти сатып алуучу каражатты мамлекетке бюджетке которуу туура чечим деп эсептейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова
Депутат ЖК Айсулуу Мамашова - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова

"Фондуну текшерүү жана анын ишмердигине көз салуу татаал. Ал эми бюджеттен сарпталганда баары ачык жүрөт", — деп билдирди Мамашова.

Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлерге берилчү сый акы. Акча кандай шартта жана эмне үчүн төлөнөт?
"Колдон колго" коомдук фондусунун жетекчиси Динара Аляева да өз кезегинде өкмөт Centerra Gold Inс. менен келишим түзгөнгө чейин аппаратты сатып алууга жалпылап чогулткан каражат кайда багытталганын түшүндүрдү.

Тездеткич сатып алууга акча топтоо демилгеси бир нече жыл мурун жарыялаган. Болгону 60 миң доллар жыйналган. Канадалык компания тездеткичти сатып алууну каржылай турганы айтылганда чогулган каражатты госпиталдык мектеп түзүү жана рак илдетин аныктоо сапатын жакшыртууга жумшоо чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0