Бек Борбиевдин айылга каты. Чөнтөктөгү жыландар, эшикке качкан эжелер

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев. Архив
Кыргыз республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев айылга кат жолдоп, күлдүргөн да, күйдүргөн да балалыгын, "почточулугун", жазмакерлигин эстеди.

Биздин каарман Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда туулуп, Торкен айылында чоңойгон.

Төмөндө Бек Борбиевдин катын окурмандарга сунуштайбыз. 

— Аман-эсенчиликте турасыздарбы, айылдаштарым. Бүгүн кичи мекенге кат жолдоп жатып, балалыгым тууралуу кимдир бирөө тарткан тасманы көргөндөй болдум. Күлкүсү, тентектиги, сагынычы, кубанычы аралашкан өзүнчө бир дүйнө. Анда кеп башынан болсун.

Кат мен үчүн эмне? Бул рубриканы укканда эмнегедир мектептеги баягы үч бурчтук жана ата-жотом билбеген жерден конвертке салынып абда-аан бир сагыныч менен Ала-Тоого, Токтогулга жазган каттар эске түштү.

Анда биринчиден баштайын. Мектепте окуп жүргөндө үч бурчтук кылып, бапестеп бүктөп, өзүбүздөн кичүүрөөк кыздарга кат жазар элек. 3-класста окуган, ишенимдүү, тыңыраак деген балдарды чакырып алып, жакшы көргөн кызга берип жиберээр элек… Экинчи учурум аскерде жүргөн мезгил. Азыр баамдасам, катты эң көп ошол армияда кызмат өтөп жүргөн учурлары "катырдым" окшойт. Ата-энеме, кыздарга, классташтарга, досторго сабалап учуп турар эле. Жакшылап эстесем, андан кийин колго калем алып эч кимге кат жолдобоптурмун деле.

Кат деген түшүнүк мектептеги кезден калыптанат турбайбы. Өзүм эле жазбастан, башкаларга да "катчы" болгонумду эстедим. Классташ балдарымдын атынан кыздарга арзуу каттарын шыпылдатып жазып берчүмүн. Кээде куюлушкан уйкаш саптар чыкчу. Ыр түрүндө жолдонсо, оң жоопту оңой эле күтсө болот эле. Көбүнчө "макул" деген сөздөрдү окучубуз. Жүрөктөн түрсүлдөп сокконун айтпаңыз.

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү композитор Муратбек Бегалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муратбек Бегалиевдин айылга каты. Миң-Куштагы мөлтүрөгөн Александра, кырдагы өспүрүм
Улуу байкелерге катчы болгон жокмун, бирок "почточулук" кызматты аткарчумун. Ал бир башкача жооптуу вазийпа эле. Башкы максат – сырдуу баракты селкинин туура өзүнүн колуна жеткирүү. Иш аны менен эле бүтүп калчу эмес, эртеси барып, жообун сурамай. Эгерде оозеки түрдө айтса, иш чатак, себеби ал "жок" деген белги. Макул болсо, кудуңдап баягы байкеге көз кырын салган селкинин үч бурчтук "арзуусун" бапестеп жеткирмей. Ал эми ачып окуу, кызыгып карап көрүү деген табу катары калыптанган. Сыр катуу сакталчу. "Почточулук" кызматты менин баамымда 4-6-класстарда аткарып жүрдүм. Ал эми жүрөк даап, өзүбүз 7-класска жеткенде 14 жаштарда жазып баштадык. Сүйүү деген эмне экенин деле жеткире түшүнбөй, бирок бир сезимдер ойгоно баштаган кез окшойт. Ал эми классташ кыздарыбыз, 1-2 жаш улуу балдар менен алигидей кат алып, достошот, анан биз кызганчубуз. Айтор, балалыктын кызык бир учурлары.

Ошол нерселер теберик сындуу сонун эстелип калды. Азыркы чыгармачылыгыма мектеп курактагы, балалык кездеги ирмемдердин сөзсүз кереги тийип келет. Маселен, лирика жаатына келсек, өзүңдүн башыңдан өтпөгөндү жазыш абдан кыйын. Жон териң менен сезгенде гана, жүрөк аркылуу өткөргөндө гана чыныгы чыгарма жаралып, башка бирөөнүн көңүлүнөн түнөк табат.

 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев
Заслуженный артист Кыргызской Республики, певец Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев

Ырчылык — ынабаган атам жана тагдыр менен буйрук

Ата-энем интеллегинциянын өкүлдөрү эле. Атам жетекчилик, партиялык кызматта иштесе, апам орус тилинен сабак берчү. Ырчылык тууралуу укканда атам ынабай, апам өзүң танда деген көз карашта болду. Атамдын Сулайман аттуу агасы бар эле. Чоң атабыз жок болгондуктан, ал бизге чоң ата ордунда болду. Ал эми Борбиевдердин тукумунда ал кишинин айтканы, дегени эки болчу эмес. 14-15 жашка келгенимде "Бизден ырчылар эмес, эл сураган даткалар чыккан. Ырчы болбошуң керек" деп көп айтты. Чынын айтсам, "жок чыгармачыл адам болом" деп аларга каршы турган жокмун, ыр дүйнөсүнө абдан деле умтулбай калдым.

Анан 1986-жылы Политехникалык инститтуттагы Инженер курулуш факультетине "Автомобиль жолдору" адистигине окудум. Ырчы болушума кесибим жакын да эмес, жол да жок болучу. Студент кезде ырдап жүрүп эле, анан аралашып кеттим. "Кыякты токтотчу, ырды койчу балам" дегенди күнүгө уга бербей, эркин болуп калгандан улам болдубу, билбейм.

Муну менен айтарым, эгер жүрөгүң эмнени дегдесе ал аткарылбай койбойт экен. Талант бир көзүн бүтөсөң, экинчи көзүнөн оргуштаган булак сымал чыгат экен. Демек, ички туюмду тыңшап, жараткандан берген мүмкүнчүлүктү сезе билүү керек экен.

Тарбиям…

Мектепте тентек болчумун. 5-класска келгенде атам Торкен айылына жетекчи болуп барып, балалыгым ошол жерде өттү. Ага чейин Токтогулдун өзүнө бир жыл, Терек-Суу аттуу айылда да жашап калдык. Биздин көчүп-конуп жүргөнүбүз атамдын кызматына байланыштуу болду.

Лирик акын Кыялбек Урмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Кыялбек Урмамбетовдун айылга каты. Энем мени... эми мен аны издеп келем
Мектепте мугалимдер бейбаш катары билишчү. Сабакта тентек элем, бирок агай-эжелер тургузуп сураганда, "айт" деген жерин жаңылбай, токтолбой сайрап берчүмүн. Ошентип, сабактардан да "беш", бейбаштыктан да "беш" болдум.

Балдары урду-соктуга алып, сабактан качып кетип, же класстагыларды кечигип келебиз деген учурларыма азыр мактана албайм. Мугалимдер урушайын десе далил жок, эки коеюн десе, жооп берем, айтор, өткөөл куракта ушундай болдум.

Анткен менен мектепте кылган бейбаштыгым көпкө созулбай, "ишмердүүлүгүм" кескин токточу. Себеби, кылт этсем, жетелеп конторго алып барып, апамды сабак өтүп жаткан жеринен чакырчу. Албетте, андай учурда сени бетиңден өппөйт да. Элдин көзүнчө тил угасың, кээде колу "шак" дей түшөт. Бала экенмин да, "апам эмнеге гана мугалим болду экен" деп ичтен кайгырам. "Апасын чакыргыла" деген сөздү көп уктум. Азыр кат жазып жатып, ошол учурларды эстеп, жылмайып алдым. Балалык деген тентектиги, баеолугу, өзүн абдан акылдуу сезген максималисттиги менен баалуу окшобойбу.

Чөнтөктөгү жыландар, эси ооп кала жаздаган эже

Торкенде арал болор эле, анда жазга жакындап калганда суу жыландар төлдөчү. Атайын убакыт бөлүп, суу кечип барып, балдарынан, кыскараактарынан "запастап" чөнтөккө салам. Анан тымпыйып келип, билмексен болуп сабакка жөнөйм. Алар чакпайт эмеспи. "Күжүрмөн даярдык" сабактан бир нече саат мурда, ал тургай бир күн илгери башталат. Окуянын "кульминациясы" кызыгы сабактардын ортосунда күч алат. Кыздардын сумкасына сойлотуп, кээде коюнуна салып жиберем. Чаңырык, кыйкырык, ызы-чуу башталат, кээде калем сап, дептерлер мени көздөй "учат". Бул болжолу менен 7-класста болчу.

Бир күнү байкасам мунун кызыгы кете баштады окшойт. Кол "эмне кылып жиберсем" деп кычышып турган учур да.

Баары биология сабагынан башталды. Мектепке Фрунзеден жаш, биолог эже бүтүп келип, сабак берчү. Жыландар жөнүндө айтып берип жатып, студент кездеги уктап жатканда төшүнөн сойлоп кеткен бир окуясын эскерген. Мен "азыр коркосузбу, анан" деген суроомо "жок, кийин окудук да" деген. Аны көңүлгө түйүп, бир тамашалаш керек экен деп койгом. Көрсө, текшергеним экен.

… Класска келип, саламдашып, журналды ачып, анан 15 мүнөттөй кайра эшикке чыгып кеткен адаты бар болучу. Бир күнү баягы жыланды чөнтөккө салып келдим. Жанымдагы балага "Эже эшикке кеткенде жыланды журналга салам" дедим. Бардым да ичине салайын десем, сойлоп кетчүдөй, тирүү да. Ары карадым, бери карадым, анан бир ой "тык" этти. Циркулдун ийнелерин таап келип ийри-буйру кылып, жыланды козголгус кылып, айтор бекиттим. Кыздарга "эжеге бир нерсе дечү болбогула. Эгер эле бирөө-жарым айтам десеңер"… деп, "биякта дагы бар, койнуңарга салам" чөнтөктү көрсөттүм.

Мурдагы пермьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Темир Сариевдин айылга каты. Элдин баары ийменген чоң эне менен азаптуу арпа
Мугалим келди, баарынын көзү столдо. Класс тымтырс. Эмне болор экен деп мен да отурам. Ал журналды бейкапар ачты да, өңү купкуу болуп, эшикке чыгып кетти. Бир аздан кийин коридордо класс жетекчибиздин келе жатканы угулду. Анын басканын баарыбыз таанычубуз. Кирип эле "ким кылды?" деди. Ал кимдин колунан келгенин баары бир билип алмак, болору болду дедим да, ордумдан туруп, "мен" дедим.

"Бас, конторго!", — деди. Барсак, эжебиз диванда жатат, бети-башынын, көйнөгүнүн баары суу. Кыязы, эс алсын деп бетине суу чачышкан окшойт да. Контордун ичи ызы-чуу. Анан энеңди чакырган баягы эле картина. Сабак өтүп жаткан жеринен апам жетип келди,

— Эмне кылыптыр?, — деди апам.

— Жылан салып жибериптир , — деди агай.

— Иий, кокуй, ушу кантип болсун?, — деп келип туруп эле жакка бир салды.

— Жылан дагы барбы?, — деп сурады.
— Ооба, — дедим, кызара түшкөн жаагымды сыйпалап.

— Кайда?
— Чөнтөктө.

Аны уккан эжекелер чырылдап мугалимдер бөлмөсүнөн качып баратышат.

Күнөөлүү болуп мен турам.

— Ой, кайдан алдың булардын баарын?, — деди.
— Аралдан алып келгем , — деп үнүмдү араң чыгардым өлүмүш болуп.

— Ыргыт, эшикке!, — деди Жамгырбек агай.

Чөнтөгүмдү кармалаган бойдон эшикке жөнөдүм… Албетте, бул мактана турган нерсе эмес, бирок балабыз да…

Азыр кат жазып жатып, ошол окуя кудум кинокадрдай болуп көз алдыма тартылды. Ал агай-эжелер азыр чачын ак аралап, улгайып, көбү пенсияга чыгып кетишти.

Ошол мектепте мага окшогондордун канча окуясына күбө болуп, канчасын тартипке чакырып, канча миң балдарга билим берип, чоң турмушка узатпады. Берген билимиңиздерге, тарбияңыздарга рахмат, агай-эжелер!

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Мүмкүнчүлүк болсо кадимки эле айылда жашайт элем", — дейт Бек Борбиев
Заслуженный артист КР Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан
"Мүмкүнчүлүк болсо кадимки эле айылда жашайт элем", — дейт Бек Борбиев

Мен жыйнаган үй

Эмгекчилдикке ата-энем болушунча тарбиялады. Жылкы, саан уй, кой, тоок, каз, өрдөк, үндүк бактым. Себеби, булардын баарын үйдө кармачубуз. Үйдүн ички оокатына аралашкан жокмун. Бирок ыраматылык Гүлмира эжем (кийинчерээк өтүп кетти) ата-энем ишке кеткенде, үйдү мага да "сен жыйнайсың" деп бөлүп берип коет. "Гүкү эже, эшиктегилерди жасайм, ичкерини жыйнай албайм" деп кежеңдейм. Ага да жообу даяр. "Анда тамак бербейбиз" деп шарт коет. Айла жок мага тийген бөлмөнү жыйнап кирем. Мен шыпыргандан кийин карап туруп, жини келип өзү киришет да, меникинен толтура шыпырынды алып чыгар эле…

Биз алты бир тууганбыз. Гүлмира – улуусу, менден кийин Назира (ал да жакында каза болуп калды), анан Жаныбек, Жылдызбек, Гүлбайра.

Шаарда жашоонун өзү иштеген сымал сезилет

Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
Атам атып салат экен деп бакырып ыйладым... Акылбек Абдыкалыковдун айылга каты
Көп жерди көрүп, көп жерге кыдырганым менен менин жашоом үчүн айылдын орду азыр деле чоң. Жакында эле айылга барып келдим. Чынын айтсам, Бишкекте жүрүп чарчап кетем, мен үчүн шаарда жашоонун өзү иш сымал. Руханий жактан да, мындай да чарчаганда чындап эс алыш үчүн сөзсүз айылга барышым керек. Ошон үчүн тез-тез тоолорго, талааларга, жаратылыштын койнуна – айылга каттап турам.

Мүмкүнчүлүк болсо кадимки эле айылда жашайт элем. Андыктанбы, азыр деле Бишкектин ичинде эмес, чет жакасына отурукташканмын. Бул жердеги үйгө көп турбайм.

Жаш өйдөлөгөн сайын, кайдан чыксаң, ошол жакка тарта берет экен. Ата-энеңдин генетикасы үстөмдүк кыла баштайт. Жаш кезде күүнү көп уга алчу эмесмин, кийин-кийин тартылып, ыктай баштайсың. Себеби, аталарыбыз ошол күүлөрдү кылымдардан бери угуп келе жаткан да, генибизде бар, каныбызга сиңген.

Тоо койнун аралап, ошону менен сагынычымды таратып, ошентип дем-кубат алат окшойм. Бул мени кое бербей, өзүнө тартып турган айылдын күчү деп эсептейм.

Аттанып кеткен айылга эмне бердик?

Айылдан чыккандан кийин кайра кайтып барып, баягы биз чоңойгон учурлардагы жакшы касиеттерди бөксөртпөй, кетилтпей сактап калууга салымыбызды кошуубуз керек. Бул — бутуна туруп, таасирлүү инсан катары калыптанып калган адамдардын ар биринин милдети деп ойлойм. Мен бул жаатта ырларым менен салымымды кошсом болот. Анда жакшылыкка, адамгерчиликке, мекенди, жашоону, өмүрдү, адамды сүйүүгү чакырган саптар менен кайрыктар бар. Андай чыгарманы уккан киши таасирленет, кубат алат, маанайы көтөрүлөт. Глобалдуулук азыр басымдуулук кылып келе жатат, өзүбүздүн нукуралыкты, ата-бабалардан калган салт-санаабызды, айылдын илгеркини эстегенибиз, ага умтулганыбыз да ошол аракеттин биридир. Айыл дегенибиз, мындайча айтканда, аталардын жыты да.

Жаштарга эмне дейм?

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Тынара Абдразаева - Sputnik Кыргызстан
Тынара Абдразаеванын айылга каты. Кошокчу энемди, ак ташыган атамды эстеп...
Ал эми жаштарга кайрылаарым, билим алгыла. Бир нерсе үйрөнүп калайын деп аракеттенбей, студенттик учуруңду жөн эле басып коротсоң, жашооңдогу эң чоң жаңылыштыгың. Билим сени өмүр бою коштоп жүрөт. Куралың – билимиң. Адамдар сени менен билимиңе жараша сүйлөшөт жана мамиле кылат, билимиңе жараша аялзаты өмүрлүк жарым болсун деп тандап алат. Окуп-чокуган болсоң чөйрөң акты-караны тааныган адамдардан турат. Билим сенин кийинки тагдырың. Дипломду эптеп алсам болду, андан көрө иштеп акча таап алайын дебе. Билимиң болсо, акча өзү келет.

Ал эми колунда жокторго, жогорку окуу жайга келишимдик негизде окута албаган ата-энелерге баланы кенедейинен, партага алгач отургандан тарта тырмышып окуганга тарбиялагыла дээр элем. Билими күчтүү миңди жыгат.

Убактысын өткөрүп жүргөн жашым өтүп калдым дегендерге, окуу эч качан кеч эместигин дагы бир ирет айтаар элем. Булактын көзү бирде болбосо, бирде ачылат.

Урматым менен уулуңар, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0