Соцтармак кызыктары: үлпөт тоюна чачын кырдырып келген келин, талаалаган мэр

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЖизнь в Дагестане
Жизнь в Дагестане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада интернет айдыңында кызуу талкуу жараткан сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Узаган жумада Россияда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат соңуна чыкты. Ал эми кыргыз эстрада жылдызы Арсен сүйүктүүсүнө баш кошсо, күйөөгө чыгып жаткан казакстандык кыздын өз тоюна чачын кырдырып келиши интернетти "жарып" жатат.

1. Франция чемпион. Бир айга созулган Дүйнө чемпионаты франциялыктардын жеңиши менен аяктады. Франция ушуну менен экинчи ирет дүйнө чемпиону болуп отурат. Буга чейин 1998-жылы Бразилияны утуп жеңүүчү аталган.

2. Кош ак куудай буралган футболчулар. Фотографтар хорватиялык Домагой Вида менен франциялык Килиан Мбаппенин адаттан тыш сүрөттөрүн тартып алышкан. Анда экөө футбол эмес, балетте бийлеп жаткандай элес калтырат. Аталган сүрөттү Эдуард Вайтенко аттуу колдонуучу Facebook тармагына жүктөгөн. 

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Финал. Матч Франция - Хорватия
Футбол. ЧМ-2018. Финал. Матч Франция - Хорватия - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Финал. Матч Франция - Хорватия

3. Конор менен Путин. Ал арада ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор Россиянын президенти Владимир Путинге жолугуп, аны менен түшкөн сүрөтүн жеке баракчасына жарыялады. Астына "бул адам биздин замандагы эң мыкты лидерлердин бири. Дүйнөдөгү эң маанилүү иш-чаралардын бирине аны менен кошо күбө болуу бактысы буюрду",  — деп жазган.

4. Арсен бойдокчулук менен коштошууда. Жекшемби күнү эстрада жылдызы Арсендин колуктусу Бегайымдын кыз узатуу тою болуп өттү. Эки жаштын үлпөт тою 18-июлга белгиленген.

5. Казакстандык келиндин жоругу. Тамадалар казакча сүйлөп жатканына караганда, бул той коңшу баурдастарда болгон окшойт. Мындай адаттан тыш учур интернет колдонуучуларын таң калтырууда. Алгач кайненеси жолукту башына салбай мойнуна жаап, маңдайынан чала өөп койсо, келин жүгүнүүнүн ордуна эки колун өйдө көтөрүп койгон. Баарынан да кыздын чачы эркек баланыкындай кырылганы талкуу жаратууда. "Токолдор деле турмушка чыгып жатат, узун чачым менен мен дагы деле жүрөм" деп жазган кыздар да болду.

6. "Кыргызмын дейсиң мага кыргызча араң сүйлөп туруп". Башка улуттагы кыздын акын Шайлообек Дүйшеевдин эне тил тууралуу ырын көркүнө чыгара көркөм окуганы социалдык тармактын кыргызстандагы колдонуучуларынын суктануусуна татыды. Бул миңдеген адамга жагып, видеону ондогон киши бөлүшүп чыккан. Анжелика Асанова Бишкекте жашайт. Өзүнүн айтымында, улуту орус. Кичинесинен эле кыргыз тилин суудай билет экен. Балалыгы Жалал-Абад менен Таласта өтүптүр.

Публикация от @anjelikaasanova_ 13 Июл 2018 в 2:45 PDT

7. Аралаба көп койлорду… Бул нарындык балдар Нурлан Насиптин ырын өздөрүнө ылайыкташтырып жазып алышкан. Кыздарга чыгарылган ыр, койлорго арналып кеткен. Угуп, баа бериңиз.

8. Шаар мэри талаадан кайрылуу жасап… Жума күнү Бишкек шаардык кеңештин депутаттары мэр Албек Ибраимовду ээрден шыпырып түштү. Мындай чечим чыгаары менен ал жашыл айдыңдан, таалаадан кайрылуу жасады. Тагыраагы тоого чыгып келүү үчүн үч күнгө кеткенин айтып, шаардык кеңеште эмне болуп жатканын учурунда билбей калганын белгилеген. Ал эми депутаттардын чыгарган чечимин "саясий тапшырык" деп баалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0