Хорватиянын президенти жакшынакай айым, Колинда Грабар-Китарович, Владимир Путин жана Эммануэль Макрон

Касапчынын кызы. Хорват футболчуларын сүрөгөн президенти тууралуу 7 факты

(жаңыланган 23:27 16.07.2018)
Колинда Грабар-Китарович эки баланын энеси, мурда оппозициялык маанайдагы саясатчы болгон.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Эртелеп ыргып кеткен фавориттер, Франция курама командасынын кара тору жигиттери, орус футболчуларынын болуп көрбөгөндөй ийгилиги… Бул жолку чемпионатта эсте калган нерселердин негизгилери ушулар болду. Мындан тышкары, өз командасын сүрөөнгө алганы келген Хорватиянын президенти жакшынакай айым, Колинда Грабар-Китарович көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапты.

Президенттин финалдык оюндагы эмоциялары, командасы жеңилип калгандагы көз жашы, ар бир футболчуну кучактап жооткотуп, далысынан таптаганы аны ого бетер жөнөкөй, ого бетер ажарлуу кылып койду.

Мындан улам, Sputnik агенттиги Колинда Грабар-Китарович тууралуу кызыктуу жети факты таап чыкты. 

Награждение победителей ЧМ-2018 по футболу
© Sputnik / Алексей Филиппов
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи

Касапчынын кызы. Колинда Грабар-Китарович 1968-жылы 29-апрелде Хорватиянын Лубарск айылында фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы мал багып, үй-бүлө эт сатып жан бакчу. Ата-энеси жупуну жашаганы менен тапкан-ташынганын кызынын билимине жумшаган.

Жакшы окучу. Мектепте жалаң "5" деген баа менен окуп, 17 жашында АКШдан жогорку билим алууга грант утуп алган. Ал жактагы окуусун аяктап, Хорватияга кайтып келгенде кайрадан Загреба университетине тапшырып, магистр даражасына ээ болгон. Ошентип Колинда эл аралык мамилелер гана эмес, испан, англис тилдери жана адабияты жаатында адис болуп чыккан. 

Почетные гости финала ЧМ-2018 по футболу
© Sputnik / Григорий Сысоев
Жолдошу Яков Китарович менен

Кызмат. Окууну аяктаары менен өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде иштеп жүрүп, 26 жашында министрликтин Түндүк Америка боюнча департаментин жетектей баштайт. Ошол эле жылдары дагы бир батыштык кадр болуп эсептелген, бирок улуттук маселелерди алдыңкы орунга койгон активист Яков Китаровичке турмушка чыккан.

Үй-бүлөсү же чемпион кыздын энеси. Жолдошу келечектеги президенттин саясатка аттанышына катуу түрткү болгону айтылат. Экөөнүн 17 жаштагы Катарина аттуу кызы жана 15 жаштагы Лука аттуу уулу бар. Кызы көркөмдөп муз тебүү боюнча өспүрүмдөр арасында Хорватия чемпиону. 

Министр иностранных дел и европейской интеграции Хорватии Колинда Грабар-Китарович выступает на открытии сессии Совета по правам человека Организации Объединенных Наций в штаб-квартире ООН в Женеве. Швейцария, 20 июня 2006 года
© AP Photo / Sandro Campardo
2006-жыл. Хорватиянын тышкы иштер министри кези. БУУнун Женевадагы штаб-квартирасында сүйлөп жатат

Чоң саясат. Грабар-Китарович бир топ убакыт тышкы иштер министри болуп иштеп, 2015-жылдагы президенттик шайлоого "Хорватиянын демократиялык шериктештиги" оппозициялык партиясынан катышкан. Жыйынтыгында шайлоочулардын 50,42 пайызынын добушун алып, Хорватиянын тарыхында алгачкы жолу аял президент болуп калды.

Эң сексуалдуу президент. Ал Россияда футбол трибунасында пайда болгондон тарта өзүнө кызыгуу жаратып, социалдык тармактардын колдонуучулары Грабар-Китарович деп жарым жалаңыч аялдын сүрөтүн алып чыгышкан. Кийин сүрөттөгү аял америкалык Николь Остин аттуу актриса экени белгилүү болду. Анткен менен кызыккандар жөн жатпай президенттин өзүнүн купальник кийип турган сүрөтүн таап чыгышты. Чынын айтыш керек, президент айым актриса Николь Остинден ашып кетпесе кем калышпайт экен. Жадагалса аны интернетте "эң сексуалдуу президент" деп атап алышты. Ал эми кыргызстандык интернет колдонуучулар да "каражан Колинда" деген постторду жайгаштырды. 

Президент РФ В. Путин встретился с президентом Хорватии К. Грабар-Китарович
© Sputnik / Алексей Никольский
Россия президенти Владимир Путин менен жолукканда

Футболдон калбайт. Китарович Хорватияда өткөн маанилүү спорттук иш-чараларга катышат. Өзгөчө футболдон калбайт. Кызыгы ал VIP-ложадан эмес, фанаттардын арасында отуруп көрөт. Мындай майрамга ал дайыма өзүнө жарашыктуу спорттук кийим менен келет.

Белгилер:
факты, Колинда Грабар-Китарович, Хорватия
Тема боюнча
Бас гитара чертип, Beatles ырларын аткарган Султан Раев. Драматург тууралуу 7 факты
Саясаттагы айымдардын күйөөлөрү кайда иштейт? Парапсихологдон банкирге чейин
Бишкек шаарындагы эмен багы. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

Абанын температурасы жогорулаганына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+24, Ош шаарында +23…+25 градус болору болжолдонду.

Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кайра суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Абхазиянын номери тагылган унаа. Архив

Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн

(жаңыланган 20:04 13.04.2021)
Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү ЕАЭБдин бажы нормалары боюнча мыйзамдарын бузууга жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Абхазиянын номери тагылган унаалар бажы көзөмөл аймагындагы убактылуу сактоочу кампага киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү мыйзам бузууга жатат.

"Чет элдик жарандар ЕАЭБдин аймагына үчүнчү өлкөлөрдүн жеке колдонуусу үчүн унаасын ала келсе болот. Бирок андай машинаны КРдин аймагында колдонууга бир жыл гана убакыт берилет", — дешти министрликтен.

Киргизилген унааларды ЕАЭБдин аймагында үчүнчү тараптарга сатууга жол берилбейт. Декларант анын атына жазылган унааны өзү гана айдашы керек.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагынан бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Абхазиянын номерлерин тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.

Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, мыйзам бузуулар, унаа, Абхазия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда
ЕАЭБ аймагында өзү өччү чылым пайдалануу сунушталып жатат