Кыргызстанга унааларды алып кирүү арзандайт. 25-июлдан кийинки бажы алымдары

© AFP / TORU YAMANAKAЯпонский автопроизводитель Toyota Motor в Токио
Японский автопроизводитель Toyota Motor в Токио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер сиз ушул жылдын 25-июлунан кийин сырттан келген унааларга болгон бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү канчага арзандай турганын биле элек болсоңуз, таблицага көз жүгүртүңүз.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандагы беш белгилүү унааны мисалга алып, аларды өлкөгө алып кирип, документтештирүүгө канча каражат кетерин түшүндүрүп берди.

Бажы кызматы Facebook баракчасына азыркы тариф менен 2018-жылдын 25-июлунан кийинки баалардын айырмасы көрсөтүлгөн таблицаны жарыялаган.

Производство обновленного Hyundai Solaris в Ленинградской области - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте унаа эми арзандайбы? Бажы жол-жобосунун өзгөрүшү эмне берет
Мисалы, 2008-жылы чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2,4 куб сантиметрди түзгөн Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны алып кирүү 960 доллар болот, башкача айтканда азыркыга салыштырмалуу 10 эсе арзан.

Аталган кызмат 2010-жылы чыккан Toyota Prius жана Lexus RX400H үлгүсүндөгү унаалардын бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн да эсептеп көргөн.

Өткөн жумада өкмөт сырттан ташып келинген автомобилдердин бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү эки аптадан кийин 2014-жылкы көрсөткүчкө чейин ылдыйлайт деген токтом кабыл алган. Документ 15 күндөн кийин күчүнө кирип, 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0