Анжелина Жоли, Леонардо Ди Каприо жана Жеки Чан Кыргызстандан чакыруу алды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүФотоколл Джеки Чана в Москве
Фотоколл Джеки Чана в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк жылдыздарга чакыруу март айында эле жиберилген.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Быйыл күздө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бир катар дүйнө жылдыздары чакырылганын катчылыктан билдиришти.

Конокко Анжелина Жоли, Леонардо Ди Каприо, Жеки Чан жана индиялык актриса Диа Мирза чакырылган.

"Дүйнөлүк жылдыздарга чакыруу март айында эле жиберилген. Бирок алардын келер-келбеси боюнча жоопту ала элекпиз. Ал эми Көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси болуп саналган Стивен Сигал быйыл да келип катышат", — деп катчылыктан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин жалпы жонунан 102 мамлекеттен конок чакырылары айтылган. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт. Аны өткөрүүгө мамлекеттен 306 миллион сом бөлүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0