Чүй проспектисинин бир бөлүгү оңдоо үчүн 21 күнгө жабылат

Жазылуу
Жолдун үстүңкү катмары алмаштырылып, жаңы бордюрлар коюлат.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо үчүн 18-июлдан 8-августка чейин жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматта жолдун үстүңкү катмары алмаштырылып жана жаңы бордюрлар коюлары айтылган.

Буга чейин маалымдалгандай, Чүй проспектисинин Төрөкул Айтматов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0