Оштун жаңы мэри алгачкы ишин эмнеден баштайт? Сарыбашев менен маек

© Фото / пресс-служба полпредства ПКР в Ошской областиНовоизбранный мэр Оша Таалайбек Сарыбашев
Новоизбранный мэр Оша Таалайбек Сарыбашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарына мэр болуп шайланган Таалайбек Сарыбашев алгачкы ишин эмнеден баштай турганын жана облусту башкарып турганда жасаган негизги үч эмгегин айтып берди. Өз кезегинде шек жаратты делген диплому тууралуу да түшүндүрмө берди.

Калаа башчы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына берген маегинде Россияда соода-сатык менен алектенгенин жашырган жок. Ошол эле учурда шайлоо жолу менен гана мамлекеттик кызматка барганына токтолду.

— Жаңыдан эле калаа башчылыгына шайландыңыз. Андыктан азыркы тапта Ош шаарында тез арада чечүүгө муктаж болуп турган үч көйгөйдү атап берүүңүздү сурагым келди.

— Биринчиси таза суу менен камсыз кылуу, экинчиси көп-кабаттуу үйлөрдүн коммуналдык-чарбалык абалы, үчүнчүсү мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн сапаты.

— Ишиңизди эң биринчи эмнеден баштайсыз?

— Жогоруда айтылган көйгөйлөрдү иликтеп, чечүү жолдорун изилдөөдөн баштайм. 

— Мурда мамлекеттик кызматта иштебей туруп Алай райондук кеңешине төрага, андан соң районго аким болуп дайындалыптырсыз. Буга кандай түшүндүрмө берээр элеңиз?

Новоизбранный мэр Оша Таалайбек Сарыбашев - Sputnik Кыргызстан
Россияда мигрант, Алайда автослесарь. Оштун мэри Сарыбашев тууралуу 6 факты
— Ушул сурооңузга оңдоо киргизип коюу керек. Мен райондук кеңештин төрагалыгына дагы акимдикке дагы шайлоо аркылуу өткөнмүн. Мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарына иш тажрыйбасы боюнча эч кандай талаптар коюлбайт. Мен райондук кеңешке депутат болуп өтүп, төрага болуп шайландым. Ал жерде 4 жылдан ашык иштеп, жетиштүү тажрыйба топтогондон кийин акимдин кызмат ордуна ат салышып, ал шайлоодон дагы жеңүүчү болуп чыккам.

— Алай районуна аким болуп иштеп жатканда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалдыңыз. Бул кызматка кимден чакыруу же сунуш түшкөн?

— Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин сунушу жана колдоосу менен келгенмин. 

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшаТаалайбек Сарыбашев: райондук кеңештин төрагалыгына дагы акимдикке дагы шайлоо аркылуу өткөнмүн
Избрание мэра города Ош - Sputnik Кыргызстан
Таалайбек Сарыбашев: райондук кеңештин төрагалыгына дагы акимдикке дагы шайлоо аркылуу өткөнмүн

— Ош облусун үч жыл жетектедиңиз. Бул аралыкта өзүңүз сыймыктанган үч эмгегиңизди атап берсеңиз?

— Биринчиси, 2017-жылы Өзгөн районунун бир нече айылдарында жер көчкү жүрүп, ондогон адамдардын өмүрү кыйылган. Ошондой эле Чоң-Алай районунда катуу жер титирөө болуп, ал жерде жүздөгөн үйлөр кыйроого учураган. Ушул табигый кырсыктардан жапа чеккендерге өз убагында жана жетиштүү көлөмдө жардам берүү, бузулган турак үйлөрдү кайра тургузуу жана кырсыктардын алдын алууга чара көрүү боюнча бир топ алгылыктуу иштерди аткарууга жигердүү катышкандыгымды — эң маанилүү жетишкендигим деп ойлойм. Ал күндөрү биз күндөп-түндөп уктабай иштөөгө туура келди, алыскы Чоң-Алай районуна, Өзгөндүн татаал жолдуу айылдарына байма-бай каттап, кыйрап калган жана көчкү баскан 725 турак үйдү, сегиз социалдык мекеменин имараттарын кайра курууга үлгүрдүк.

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Аким Данир Иманалиев: азыр коом мурдагыдай болуп акимге алданып отуруп калбайт
Экинчиси, бизге чектеш коңшу мамлекеттердин региондору менен карым-катнаштардын жанданышына жана бекемделишине жетишкендигибизди айтаар элем. Бир жылдан ашык убактын ичинде расмий делегациябыз Өзбекстанга үч жолу барып келди, алар бизге эки жолу келишти. Жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар тез ылдамдыкта өнүгүп жатат, чек ара көйгөйлөрү чечилип, эки элдин ынтымагы арта баштады.

Үчүнчүсү, Ош облусу өзгөчө кырдаалдар жагынан кооптуу аймак. Акыркы эле үч жылдын ичинде бизде бир нече ири табигый кырсык катталып, аябай чоң материалдык жана адамдык жоготууларга алып келген. Ошолорду алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу – биздин эң башкы максаттарыбыздын бири болду. Бул багытта эки иш алып баруудабыз. Ал адамдарды кооптуу аймактардан көчүрүү жана кыймылсыз мүлктөрдү камсыздандыруу. Бүгүнкү күндө облус боюнча 3 миңдин тегерегиндеги турак үй кооптуу аймакта жайгашкан болсо, анын 1800дөн ашыгын көчүрдүк. Белгилей кетсек, камсыздандыруу жаатында биздин облус республика боюнча алдыда, алсак жалпы Кыргызстан боюнча камсыздандыруудан өткөн 42 665 үйдүн 51,3 пайызы Ош облусуна тийиштүү. 

© Фото / пресс-служба президента КРТаалайбек Сарыбашевдин талапкерлигин 45 депутаттын 44у колдоп Ош шаарына мэр кылып шайлашты
Избрание мэра города Ош - Sputnik Кыргызстан
Таалайбек Сарыбашевдин талапкерлигин 45 депутаттын 44у колдоп Ош шаарына мэр кылып шайлашты

— Буга чейин Россияда жүргөнүңүз туурасында да айтканыңыз бар. Ал жакта эмне иш кылгансыз?

— Кыргызстанда ал кезде экономикалык абал кыйла эле оор болгон. Ошондуктан Россияга убактылуу барып иштеп, оокат кылып анан кайра мекениме кайтып келгенге туура келди. Ал жакта тогуз жылдай соода-сатык тармагында бизнес менен алектенип жүрдүм. Кийин 2004-жылдан 2008-жылга чейин Гүлчө айылындагы "Насырбек уулу Нурсултан" базарында директор болуп иштедим.

— Экинчи дипломуңузду тогуз жыл жүрүп 37 жашыңызда алганыңыз тууралуу түрдүү сын-пикирлер айтылып келет. Ушуга өзүңүз түшүндүрмө берип койсоңуз?

Заседание кыргызско-российской межправкомиссии по сотрудничеству в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Темир Сариев шаар башчылыгына барабы? Экс-премьер менен ачык маек
— Советтик армияда, мурдагы ГДРде кызмат өтөөдөн кайтып келгенден кийин 1991-1992-жылдары жер жемиш комбинатында сатуучу болуп иштедим. Андан кийин 1995-жылга чейин Ош технологиялык техникумунун бухгалтердик факультетинде окуп билим алдым. Кийин 1999-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтуна тапшырып, турмуштагы себептерден улам академиялык отпуск алып жүрүп, окуумду 2008-жылы сырттан окуп бүтүргөм. Мен жогорку билимди алганым тууралуу көп эле жолу түшүндүрүп, маалымат бердим, бул боюнча журналисттик иликтөөлөр болду, тийиштүү органдар да карап чыгышты. Эми кошумча комментарий берүүнүн деле азыр кажети жокко дейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0