Бишкек мэрин шайлоо күнү качан белгилүү болот? БШКнын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия обильного дождя в декабре в Бишкеке
Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү шаардын мурдагы жетекчиси Албека Ибраимов расмий түрдө кызматтан кетип, бир айдан ашык убакытка камакка алынды.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кийинки мэрди шайлоо күнү дүйшөмбү, 23-июлда белгилүү болорун Sputnik Кыргызстандын кабарчысына БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Албек Ибраимовдун кызматынан бошотулгандыгы тууралуу өкмөт башчынын токтомун бүгүн алдык. 23-июль күнү жыйын өткөрөбүз", — деди Бекматов.

Эске салсак, 19-июль күнү Албек Ибраимов УКМК тарабынан кармалып, бир нече сааттан кийин аны ээлеген кызматынан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0