Кызым мени жек көрөт, кол да көтөрчү болду. Айласы кеткен эненин тагдыры

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кызынын азабын тарткан 60 жаштагы аялдын тагдыры баяндалат.

Каарманыбыз көйгөйүн кат аркылуу эмес, өзү келип айтып берди.

Приют для женщин, пострадавших от домашнего насилия в пригороде Москвы - Sputnik Кыргызстан
Өзүм үчүн төрөп алгам, бирок, кызым мени жек көрүүдө. Бишкектик айымдын муңу
Айлам кетип, аргам түгөнүп калганда жолдон сиздердин агенттикти көрүп калдым. Азыр эмне кылып, кимден жардам сураарымды билбей жүргөн кезим. Кеп башынан болсун.

Жаштайыман эле турмуштун запкысын тартып келе жатам. Күйөөм кызыл камчы болду. Эки кыздуу болгондон кийин күн көрсөтпөй эки күндүн биринде сабачу. Кетип калайын дегем, балдарды кыйбадым… 

Айрымдар аялына мас абалында кол көтөрсө, күйөөм сопсоо туруп көгала койдой сабап салчу. Бычак менен коркуткан күндөрү да болду. Бир күнү аябай токмоктоду. Башымды жарып, сөөктөрүмдү сындырып, колумдун кан тамырларын кескилеп салды. Кан токтобой, ооруканага жаттым. Кудай деген бар экен аман калдым. Бирок майып болуп калдым. Колдорум калчылдап, башым көп ооруйт. Милициялар бул кылыгы үчүн мага арыз жаздырышкан, бирок балдардын атасы эмеспи деп кайра артка кайтаргам. Ошол бойдон аны менен биротоло ажыраштым. Кийинчерээк күйөөм баңгизат менен кармалып кесилип кетиптир. Андан бери 10 жыл өттү. Эки кызым чоңоюп, улуусу турмушка чыккан. "Бактым эми балдардан ачылат го" деп отурсам, улуу кызым барган жеринен жыргаган жок. Дудук балага турмушка чыккан, кайненеси да укмуш аял экен, кызымды мага, мени кызыма жамандап экөөбүздү далай уруштурду. Кийинчерээк күйөө балам да кызыма кол көтөрүп баштаптыр. Экинчи баласы боюнда бар кезинде "кайын журтум күн көрсөтпөй калды" деп келген. Жүйөөлөрүн угуп унчуккан эмесмин. Эки айга жетпей "күйөөм менсиз жашай албайт, барбасам болбойт" деп кайра барган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБир күнү күйөөм аябай токмоктоду. Башымды жарып, сөөктөрүмдү сындырып, колумдун кан тамырларын кескилеп салды. Кан токтобой, ооруканага жаттым. Кудай деген бар экен аман калдым. Бирок азыр майыпмын.
Насилие над женщинами в КР - Sputnik Кыргызстан
Бир күнү күйөөм аябай токмоктоду. Башымды жарып, сөөктөрүмдү сындырып, колумдун кан тамырларын кескилеп салды. Кан токтобой, ооруканага жаттым. Кудай деген бар экен аман калдым. Бирок азыр майыпмын.

Бирок көпкө жашаган жок, ыйлап кайра келди. Канынан жаралган баланы кайсы эле эне кор кылгысы келсин. Шаарга каттоого тургуздум. Курсагындагы бала жети айга чукулдап калган. Ыйлап-бышактап атып, суу келип айына жетпей эле төрөп салды. Бирок анысы бир күн эле жашап, чарчап калды. Кызымдын да жатыны ириңдеп кетиптир, дарыгерлердин күчү менен эле аман калды. Учурда эки кызым менен туугандарыбыздын батиринде акы төлөп жашайм. Кичүү кызым экөөбүз тигүү цехиндебиз. Өзүмө келип иштей баштаганыма төрт жылдай болду.

Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Балам жапжаш туруп ичкиликке ооп кетти... Арактын азабын тарткан эненин бугу
Улуу кызым өзүнө келгенден кийин "иштеп алаксыбайсыңбы" десек, "баламды алышым керек. Кайненем небересин менин көзүмчө эле урчу, мен жок өлтүрүп салат" деп көгөрүп туруп алды. Бирок кудагый баланы бербей койгон. Андан кийин милицияларга "келиним баласын бага албайт, апасы да оорукчан" деп арыз жазып коюптур. Ошол бойдон кызым эч нерсеге көңүлү жок. Үйдө бош жаткан неме биз жокто кимдер менен сүйлөшүп атканын кайдан билем. Түн ичинде үйдөн чыгып кетип таңга жуук келчү болду. Жөн келбей таттуу-паттуу, кийим-кече көтөрүп алат. Кайдан алдың десем ар кимди шылтоолойт. Мени болсо такыр укпай калды, бирдеме десем эле "апа сени жек көрөм" деп кагып-силкип, кол көтөрчү болду.

Эптеп баласын алып берсем, алаксып иштеп, жакшы жашайт беле деп дагы ойлойм. Бирок тигилерден баланы кантип алышты билбей башым катып жатат. Бузулуп кетеби, жини менен мени өлтүрүп салабы деп да коркчу болдум, аргам кетти, эмне кылам?

Кадиян Бообекова. Психолог

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог: Бири-бириңеге колуңардан келишинче жакшы сөз айтууга аракет кылгыла. Эгер жаман сөз айтылып, уруша берсеңер баланы да ала албайсыңар, кызыңар да тетири жолго түшүп кетиши ыктымал. Мындай учурда эч качан бир адам күнөөлүү болбойт. Андыктан кырдаалдан чыгууга баарыңар аракет кылгыла.
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Психолог: Бири-бириңеге колуңардан келишинче жакшы сөз айтууга аракет кылгыла. Эгер жаман сөз айтылып, уруша берсеңер баланы да ала албайсыңар, кызыңар да тетири жолго түшүп кетиши ыктымал. Мындай учурда эч качан бир адам күнөөлүү болбойт. Андыктан кырдаалдан чыгууга баарыңар аракет кылгыла.
Кызыңызга баласын алып берем десеңиз алгач адвокатка кайрылыңыз. Себеби баланын өз апасы турса чоң энеси алып калууга укугу жок. Атасы дагы дудук экен. Бирок неберени алам десеңиз алгач кызыңыз өзү иштеп, баласын баккыдай болушу керек. Кокус бала талаш болуп, өз апасы иштебей үйдө отураары билинсе өкмөт баланы өз карамагына алып коюшу ыктымал. Ошондуктан кызыңыз баласын жанына алгысы келсе, биринчи жумушка кирсин, аны баккыдай акча тапсын.

Кырдаалды ага ушундай кылып түшүндүрүп көрүңүз. Эгер укпаса же макул болбосо психологдорго алып барып көрүңүз. Бул жерде баланын энеси "иштесем баламды ала алам, иштебесем майнап чыкпайт" деген нерсени түшүнүшү керек. Бир баласы чарчап, экинчиси кайненесинде калса аны да түшүнсө болот. Бирок күнөөнү ал башкалардан эмес, өзүнөн издеши керек. Кызыңыздын депрессиясы агрессияга өтүп кеткен. Анын үстүнө кичине кезинде үйдө уруш-талашты көрүп чоңоюптур, бул нерсе кийин алардын тагдырына таасир этпей койбойт.

Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм эмес, WhatsApp менен жазышкан жигит жакын сезилет. Келиндин жан сыры
Сизге кол көтөрүп жатса анда ортодо сый деген нерсе кеткен. Бала "ыйык нерсе" эмне экенин билбей чоңойгон. Жаман сөздөр көп айтылат окшойт. Азыр ал өзүнө келгиче урушуп, жаман сөздөр менен тилдебей алдап туруңуз. Күйөөсүнөн, кайненесинен көрбөгөн мээримди сизден издеп, сизден жардам сурап келди да. Анын жакшы сапаттарын көбүрөөк айтып, ортодогу эне бала мамилени бекемдегиле. Ошондо балким анда өзүнө ишенүү сезими пайда болуп, ишке да көңүлдөнөт. Бири-бириңеге колуңардан келишинче жакшы сөз айтууга аракет кылгыла. Эгер жаман сөз айтылып, уруша берсеңер баланы да ала албайсыңар, кызыңар да тетири жолго түшүп кетиши ыктымал. Мындай учурда эч качан бир адам күнөөлүү болбойт. Андыктан кырдаалдан чыгууга баарыңар аракет кылгыла.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында ичиңиздеги букту чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg mailto:news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз. Каттар ар кыл темада кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0