Кыргызстандыктар кызылча оорусу жөнүндө эмнени билиши керек? 8 суроого жооп

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүПрививки
Прививки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда кызылчага каршы кайсы жерден эмдетүүгө болот, акысы канча жана кооптуу эмеспи, булар боюнча Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар.

Кыргызстанда быйыл кызылча оорусу менен 300 учур катталды, ал эми былтыр 60ка аз болчу.

Кызылча – өтө жугуштуу дарт. Анын негизги белгилери: денеде кызыл тактардын пайда болушу, дене табынын көтөрүлүшү, көздүн жана дем алуу органдарынын сезгениши.

Онкологиялык илдеттерди дарылоочу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыланууга 1,5 миллион сарптадым! Кыргызстандык бейтаптын санаасы
Оорунун белгилери жуккандан кийин бир нече күндөн кийин байкала башташы ыктымал. Инкубациялык маалы 7 күндөн 17 күнгө дейре созулат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын маалыматына ылайык, былтыр батыш өлкөлөрүндө кызылчадан 35 киши көз жумган. Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюмунун маалыматы боюнча 2016-жылдын 1-мартынан 2017-жылдын 28-февралына чейин кызылча оорусу менен 5881 учур катталган. Ал эми 2015-жылы 134 миң киши бул ооруну жеңе албай каза тапкан.

Кызылча кантип жугат?

Көпчүлүк адамдар инфекциялык оорулардын себебин антисанитарияга байланыштырып, алдын алуу үчүн гигиена эрежелерин сактоо гана жетиштүү деп эсептешет. Кызылчаны козгогуч абада эки саатча сакталгандыктан, бул жаңылыш пикир.

Эгер биринчи кабатта жашаган адам жугузуп алган болсо, инфекция тогузунчу кабатка чейин көтөрүлөт. Жугузуу радиусу — 100 метр. Азыр Кыргызстанда беш жашка чейинки балдар арасында бейтаптардын саны баарынан көп.

Бул кооптуу инфекцияга кимдер чалдыгышы ыктымал?

Бул оору көбүнесе жети жашка чейинки балдарды кыйнайт. Чоң кишилердин жугузуп алуу коркунучу төмөнүрөөк.

Бул инфекцияга каршы эмдөө кайсы куракта жүргүзүлөт?

Эмдөө эки ирет жасалат. Алгачкысы — 12-15 айында. Кийин бала мектепке барар алдында, тагыраак, алты жашында кайра кайталанат. Эгер кандайдыр бир себептерден улам кичине чагында эмдөө жүргүзүлбөй калса, кайсы куракта болбосун, эмдөө жасала берет.

Кызылчага каршы баламды кайсы жерден эмдете алам?

Балдарды үйбүлөлүк медицина борборлору, үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун бөлүмдөрү, фельдшердик-акушердик пункттарда эмдетүүгө болот.

Эмдөө акысы канча турат?

Балдарга эмдөө акысыз жасалат.

Баламды эмдетпейм — бул менин көз караштарыма туура келбейт

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Саратанда кимге көлгө барууга болбойт? Ысык-Көлдөгү 7 кооптуу көрүнүш
Кызылча – өтө кооптуу оору. КРде кызылчага кабылгандардын жарымынан көбү эмделбеген балдар болуп чыгууда. Бул инфекциянын кесепеттери абдан арбын болушу мүмкүн. Көпчүлүк учурда дем алуу органдары жабыркайт: ларингит өрчүп кетет (алтургай, кекиртектин ичкериши (стеноз) да мүмкүн), ортоңку кулактын сезгениши (отит), ириңдүү инфекциянын катмарланып кетиши өпкөнүн сезгенишине (пневмония) алып келиши ыктымал. Ичеги-карынга зыян келтириши мүмкүн (стоматит, энтероколит). Кызылчанын эң оор кесепети – нерв тутумунун жабыркашы (энцефалит, менингит).

Теолог Кадыр Маликов эмдөөдө ислам жана христиан диндериндеги жоболорго (постулаттарына) эч каршы келбей турганын айтты.

"Мусулмандар өлүмдүн жана ар кыл дарттын бешенесине жазылгандыгына ишенет, бирок, ошентсе да исламда ден соолукка кам көрүү, ооруларды өтүштүрүп албоо үчүн алдын алуу чара көрүү каралган", —дейт Маликов.

Балачагымда эмдөө жасалган эмес, ооруп калышым мүмкүнбү?

Жаш өткөн сайын адамдын табигый иммунитети иштелип чыгат. Эгер бала кезиңизде эмдөө жүргүзүлбөсө, "Цадмир" гепатологиялык борборунан кызылчага каршы ийне сайдырып алсаңыз болот. Бул чоң кишилерге эмдөө жасоого тастыктамасы бар жападан жалгыз клиника болуп саналат. Кызмат акысы — 1 миң сом.

Кызылчага туруштук бере алган иммунитетим бар экендигин кантип билүүгө болот?

Кыргызстанда инфекцияга туруштук боло алчу иммунитеттин бар же жогун аныктоочу лабораториялар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0