Кыргыз-казак кыздары менен түшкөн акыркы сүрөт. Денис Тен тууралуу 6 факты

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФигурное катание. Чемпионат мира. Мужчины. Короткая программа
Фигурное катание. Чемпионат мира. Мужчины. Короткая программа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын көзгө басар жалгыз фигуристи Денис Тен киши колдуу болду. Ал уурулардын колунан бычак жеп, ооруканада жан берди. Казакстан көркөм муз тебүү жылдызын бүгүн, 21-июлда акыркы сапарга узатты.

Денис Тен 1993-жылы 13-июнда Казакстандын Алматы шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал Корея империясынын генералы Мин Гын Хонун тукумунан экени белгилүү. Анын аты коңшу өлкөнүн эгемен тарыхында көркөм муз тебүү боюнча Олимпиададан медаль уткан спортчусу катары жазылып калды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бейажал кеткен жаш өмүр тууралуу фактыларды сунуштайт. 

Беделдүү мелдештерден уткан байгелери

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүДенис Тен Казакстандын эгемен тарыхында көркөм муз тебүү боюнча Олимпиададан медаль уткан алгачкы спортчусу катары жазылып калды.
Фигурное катание. Чемпионат мира. Мужчины. Произвольная программа - Sputnik Кыргызстан
Денис Тен Казакстандын эгемен тарыхында көркөм муз тебүү боюнча Олимпиададан медаль уткан алгачкы спортчусу катары жазылып калды.
Денис Тен алты жашында муз үсүтүнө чыгып, 12 жашында Казакстандын чемпионатын жеңип алган. Ал мелдешке өспүрүмдөр эмес, жаш курагы улуу жана тажрыйбасы мол фигуристтер катышкан болчу. Дүйнөлүк аренага 2009-жылдан тарта кадам таштаган. 2010-жылы Ванкубер Олимпиадасына барып 11-орунду ээлеген. Төрт континенттин чемпионатында, Азия оюндары жана Универсиададан алтын алса, 2013-жылы Лондондогу дүйнө чемпионатынан күмүш, 2014-жылы Сочи Олимпиадасынан, 2015-жылы Шанхайдагы Дүйнө чемпионатынан коло байге уткан. Ошондой эле Haabersti Cup жана Dragon Trophy беделдүү эл аралык сынактардын байгесине ээ болгон. Бул аралыкта ал өзүнө дүйнө боюнча күйөрман чогултуп, өзгөчө Казакстан, Корея жана япониялыктардын сүймөнчүлүгүнө айланган. 

Убийство фигуриста Дениса Тена - Sputnik Кыргызстан
Денис Тенди өлтүрүүгө шектелген кишинин сотто айткан кеби
Учурунда Рафаэль Арутюнян, Татьяна Тарасова жана Елена Буяновалар Денистин машыктыруучусу болгон. Муз жылдызын соңку убактарда Николай Морозов менен Фрэнк Кэрролл машыктырып жаткан. Ал эми хореографтары Николай Морозов, Ше-Линн Бурн, Лори Николь жана Стефан Ламбьел болгон.

Тенге 2013-жылы Казакстандын эмгек сиңирген спортчусу наамы ыйгарылган. Ошондой эле 2022-жылы Кышкы Олимпиада оюндарын Алматыда өткөрүү кампаниясынын расмий элчиси болгон.

Таланттуу адам бүт жагынан таланаттуу

Денис Тен бир гана көркөм муз тебүү менен чектелбей теннис, сууда сүзүү, акробатика, таэквондо, каратэ жана бий өнөрү менен алектенген. Мындан сырткары, сүрөт тартууга, музыкага жакын болчу. 2002-жылы Казакстандын хорунда ырдап Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы олимпиададан күмүш медаль алышкан. Ата-энеси ар тараптуу болууга үйрөтүп өзүн бардык жактан сыноого шарт түзүп берген. Эс тартып бир кесипти тандоо маалына келгенде Денис көркөм муз тебүү жагына кеткен. 2015-жылы ал фотограф болууга да кызыгып жатканын ачыктаган. Ал жөнөкөй адамдардан тарта белгилүү инсандарга чейин фотосессия жасачу. Алсак, андан казакстандык волейболчу Сабина Алтынбекова, актриса Айсулуу Азимбаева, Динара Бактыбаева, Алия Телебарисова, боксчу Серик Сапиевдер сүрөткө түшүп кеткен.

2014-жылы Казакстандын спорт жана туризм академиясын артыкчылык диплому менен аяктаган. Андан соң казак-британ техникалык университетинин алдындагы бизнес мектебине магистратурага тапшырган. 

Көркөм муз тебүүнүн кооздугун көрсөтүү кыялы

© Sputnik / Болат ШайхиновИюнь айында Астанада шоу өткөрүп көркөм муз тебүү боюнча дүйнө жылдыздары менен бирге өнөрүн тартуулаган
Ледовое шоу Дениса Тена - Sputnik Кыргызстан
Июнь айында Астанада шоу өткөрүп көркөм муз тебүү боюнча дүйнө жылдыздары менен бирге өнөрүн тартуулаган
Тен Алматы менен Астанага дүйнөнүн белгилүү жылдыздарын алып келип көркөм муз тебүү боюнча шоу өткөрүп турган. Анын ар бир шоусуна билеттер калбай, аншлаг менен коштолчу.

"Көркөм муз тебүүнүн кооздугун казакстандыктарга көрсөтүү үчүн бирдиктүү шоу-программа түзүп, аны бардык мекендештериме тартуулоону кыялданам", — деп Денис Астанадагы шоусунун аягында айткан.

"Денис жана достору" деп аталган акыркы шоусун Астананын 20 жылдыгына арнаган. Ал мүз үстүндө гана жылдыз болбостон режиссерлукту да аркалаган. Үсүтүбүздөгү жылдын июнь айында Россия, Франция, АКШ, Канада, Кытай жана Япониядан келген көркөм муз тебүү боюнча дүйнө жылдыздары менен бирге өнөрүн тартуулаган эле. Мындан сырткары, кайрымдуулук иштери менен алектенип жүрчү. 

Жеке жашоосу

Спортчу жеке жашоосу тууралуу айтканды көп жактыра берчү эмес. Журналисттердин "качан үйлөнөсүз?" деген суроосуна "жакында" деп кыска гана жооп берип турган. 2014-жылы Олимпиада чемпиону аталган кореялык Ю На Ким аттуу кызга катуу ашык болгону айтылып жүрөт. Денис аны менен бир жуп болуп Сочи Олимпиадасында муз үстүнө чыккан болчу.

Акыркы жазган посту

Денис Тен акыркы жолу Instagram баракчасына 18-июлда сүрөт жүктөгөн. Астына "кыздар менен BurritoGo кафесине бардык. Мага жакты" деп жазган экен. Сүрөттөн блогер кыздар менен отурганын көрүүгө болот. Анын жанында Кыргызстандын Instagram жылдызы Элдана дагы бар.

Казакстанды кайгыга салган каргашалуу окуя

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүКазакстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде көңүл айтуу китепчелери ачылды.
Цветы в память о фигуристе Д. Тене - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде көңүл айтуу китепчелери ачылды.
19-июлда кечке жуук белгилүү фигурист Денис Тен киши колдуу болду деген суук кабар тарады. Ал унаасынын капталындагы күзгүлөрүн чечип жаткан эки ууруну көрүп, кафеден чуркап чыккан. Каршылык көрсөтүүгө аракет жасаганда, кылмышкерлердин колунан бычак жеген. Кийин ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан берген. Анын өлүмүнө шектелип Казакстандын эки жараны кармалды.

Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси - Sputnik Кыргызстан
Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси
Денис Тенди акыркы сапарга узатуу зыйнаты мамлекеттик деңгээлде уюштурулуп Астана жана Алматы шаарында өткөрүлдү. Спортчу менен коштошууга жакындарынан сырткары, чет өлкөлүктөр, калаанын миңдеген тургундары келип, сөөгү бүгүн, 21-июлда Алматы калаасында жерге берилди. Президент Нурсултан Назарбаев Денистин ата-энесине телефон чалып көңүл айтты. Ошондой эле Ички иштер министрлигине кылмыш ишин тыкыр көзөмөлгө алууга тапшырма берди. Казакстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде көңүл айтуу китепчелери ачылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0