Поликлиникада балага эмдөө кылуу. Архивдик сүрөт

Балдар неврологу: эмдөөдөн баш тартуу тукумсуздукка алып келиши толук ыктымал

757
(жаңыланган 09:33 24.07.2018)
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылдын алты жарым айында эле Кыргызстанда кызылча оорусуна кабылган 323 адам катталды. Бул былтыркы жылдын толук он эки айы боюнча дээрлик 60 эсеге көп.

Көбүнесе ата-энелери эмдөөдөн баш тарткан балдар бул ооруга чалдыгууда. Баш тартуунун себептери ар кыл, бирок, кесепети бир: ата менен апанын чечиминин азабынан наристелер олуттуу кооптуулукка кабылышат.

Жыйырма жыл оболу Кыргызстандын балдар неврологдору эмдөөгө жапырт каршы чыгышкан, агездеги ошол учурдун эмдөөчү дармектери терс таасир этип, зыян келтирчү. Бара-бара дары-дармектин сапаты алдаканча жакшырып, өлкөдөгү айрым оор илдеттерди жеңе да алдык. Врачтар келтирген далилдерге карабастан, көптөгөн жаш ата-энелер соңку кезде эмдөөдөн баш тартууда, андан улам биз эбак жеңип чыккан илдеттердин саны кайра өсүүдө.

Балдарды эмдетүү керектиги, андан баш тартуу кандай жыйынтыктарга алып келери тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун обосунан Энеликти жана балалыкты коргоо улуттук борборунун балдар неврологу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин педиатрия боюнча алдыңкы адиси Нурмухамед Бабажанов айтып берди. 

Кандидат медицинских наук Нурмухамед Бабаджанов на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Энеликти жана балалыкты коргоо улуттук борборунун балдар неврологу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин педиатрия боюнча алдыңкы адиси Нурмухамед Бабажанов

— Нурмухамед Дуулатович, өлкөдө эмдөөдөн баш тартууга байланышкан кырдаал боюнча эмне дейсиз? Бул көрүнүш жалпы мүнөз алып барат дегенге болобу?

— Андай кескин айтпайт элем. Эмдөөдөн баш тартуунун саны чындыгында интернет жана социалдык медианы колдонууга мүмкүнчүлүгү бар ири калааларда: Бишкек жана Ошто көп байкалат. Ачыгын айтканда, "Эмдөөлөргө каршы" топтордо жазылгандарды окубаганга аракет кылам, бирок, болбой эле кээде мага көрсөтүп калышат. Андан улам жалган маалыматтар жайнай жарыяланат экен деген бүтүмгө келдим.

— Чындап эле андай топтор толтура. Маселен, социалдык медианын айрым колдонуучулары Кыргызстанга сапатсыз вакциналар келерин, ал эми жергиликтүү адистер аларды текшербестен, балдарды эмдөө менен сынап көрөрүн айтышат…

— Биздин жагдайыбыз чындап жакшы. Кыргызстан өз алдынча вакцинаны сатып албайт, биз үчүн бул ишти эл аралык уюмдар аткарат. Бирок, алар эмдөөчү каражаттарды Саламаттык сактоо дүйнөлүк уюму тарабынан жактырылган өндүрүшчүлөрдөн гана сатып алышат, андыктан, алардын сапатынан шек санабай деле койсок болот. Ошентсе да баары бир алып келинген дары-дармекти толук текшерүүдөн өткөргүбүз келет, анүчүн атайын лаборатория керек. Коңшу Казакстанга андай лаборатория 9 миллион долларга айланды, биз азырынча, андай кура албайбыз.

— Сиз неврологсуз, вакцинаны сиздин кесиптештериңиз дайым эле колдой беришкен эмес…

— Ооба, 90-жылдары балдар неврологдору эмдөөлөргө катуу каршы чыккан, себеби, эмдөөлөрдүн терс таасирлери менен баарынан мурун биз бет келишкенбиз. Кийин бул көйгөйдү түп-тамырынан жоюуга кириштик, иммундаштыруу боюнча серепчилердин илимий-техникалык консультативдик тобун түздүк. Айтмакчы, мен ошол топту жетектеп калгам. Биз көз карандысыз серепчи болуп саналабыз, топко педиатр, аллерголог, инфекционист жана кардиологдор мүчө. Биз чогулуп, эмнени кабыл алып, аны ишке ашыруу жолдорун талкуулайбыз, андан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуштарыбызды билдиребиз.

Негизи эле мен мындай бүтүмгө келдим, иммундук алдын алуу боюнча жетишкендиктер өз ийгилигинин туткундугу болуп калды.

— Кандайча?

— Түшүндүрүп берейин. Мисалы, биз полиомиелитти жеңгенбиз, дифтерия да бүгүнкү күндө жок, кызылча да көп санда эмес… Элдин көңүлү жай алып: "Эмне кереги бар? Биз андайга кабылбай калганыбызга көп болду, балким, азыр деле өтүп кетет" деп ойлошсо керек.

1995-жылы Жети-Өгүз районунда дифтерия күч алган. Бир үй-бүлөдө эки киши мерт болгон. Бүтүндөй райондун жашоочулары кезекке туруп: "Вакцинаңарды алып келип, бизди эмдеп кеткиле!" дешкен. Эч кандай үгүттөөнүн зарылчылыгы жок болгон, анткени, эл чочулай түшкөн. Кийин кызылча оорусу күч алды, ошол эле коркуу сезими эмдөө жүргүзүлбөй турган адамдарды да вакцина алууга түрткөн. Бул көрүнүштөр айрым инфекцияларды басаңдатуубузга мүмкүнчүлүк берген.

— Басаңдатканбыз? Демек, толук жеңе алган эмеспизби?

— Жок, инфекцияларды толук жеңүүгө оголе көп бар. 1994-жылы бүт дүйнөнүн медиктери жер жүзүнөн полиомиелит илдетин түп-тамырынан жок кылуу милдетин коюшкан. Биз дагы бул программага кошулганбыз, жыйынтыгы дурус: Кыргызстанда полиомиелит акыркы ирет 1993-жылы катталган. Бул чоң жетишкендик, себеби, мурда кырдаал абдан кейиштүү эле. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда өткөн кылымдын 60-жылдарында ушул кеселдин кесепетинен жапа чеккен балдар үчүн 100 орундуу санаторий курулган. Баса белгилейин, бул өтө коркунучтуу дарт: бул илдетке кабылган балдар шалга айланып, майып болуп калышат. Бүгүн ал санаторийдин иши бүткөн, ага муктаждык жок.

2010-жылы Тажикстанда да бул ооруну "унуткара" түшкөндүктөн, жарандар эмдөөдөн баш тарта башташкан. Бирок, артыкча бюрократиядан качуу үчүн врачтар документтерде вакцинация укмуш жүрүп жатканын жаза беришкен. Башкача айтканда, отчет боюнча баарына эмдөө жасалган, ал эми иш жүзүндө балдардын бүтүндөй катмары дартка каршы туруштук берүүгө иммунитети чыңдалбай калган. Натыйжада, Индиядан жугуп келген полиомиелит вирусу 500 кишиге таркап, алардын 30у каза болгон. Жүздөгөн киши өмүр бою майып болуп калышкан.

— Эгер эмдөөнүн зарылдыгы чоң болсо, эмнеликтен, көптөгөн адамдар муну түшүнө беришпейт?

— Балдардын организминин эмдөөгө карата реакциясы көп учурда ачык байкалат: дене табы көтөрүлөт, аллергия, ийне сайылган жери катуулап, миллиондон бир учурда анафилактикалык шокко кабылат. Дал ушул себептен, врачтар балдарга эмдөө жасалгандан кийин бир аз убакыт медиктердин көзөмөлүндө болушун талап кылышат. Вакцинациядан кийинки абалга мүнөздүү ушундай реакциядан улам ата-энелер булардын баарын социалдык медиада жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жазып чыгышат. Маалыматтык согуш жүрөт, биз – медиктер андан утулабыз. Мисалга, 2016-жылкы маалыматтарды кайра карап чыктым, көк жөтөл менен 196 учур катталыптыр, басымдуу бөлүгү балдардын өз убагында эмделбегендигинен улам болгон. Ал жөнүндө эч ким үн катпайт!

Бизде эки ирет кызылча оорусу катуу күч алган: 2011-жылы Кара-Суу районунда бир бала чарчап калган, бирок, ага эч ким көңүл бурбады, эч ким анын энесине ал мындай кырдаалга жеткиргендигин айтпады.

2015-жылы да андай жагдай кайталанып, 11 миң адам жабыркап, эки өлүм учуру катталган. Бул дагы коомчулуктун көз жаздымында калды. Биз, медиктер эч кимге нааразычылыгыбызды билдирбейбиз, журналисттерге тигил же бул ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тартып, аягы жамандык менен бүттү деп арызданбайбыз.

— Бирок, бала тигил же бул вакцинадан кокусунан аллергия болушу да ыктымал эмеспи. Кантип алдын алуу керек? Наристенин реакциясы кандай болорун алдын ала аныктоого болобу?

— Аллергия – боло турчу реакция. Алдын ала кайсы бир вакцинага аллергия бар же жогун аныктоо мүмкүн эмес. Бирок, медиктер балдардын ата-энесинен таттууга, же мисалга, жумурткага аллергиясы бар-жогун сөзсүз түрдө сурашы зарыл, анткени, айрым вакциналар тоок эмбриондорунда өстүрүлөт. Айрым вакциналардын курамында антибиотиктер бар… Эгер аллергиясы болсо, анда эмдөөдөн мурун врачтар баланы "антигистаминдик терапиядан" өткөрүүгө тийиш. 

Детский невролог Национального центра охраны материнства, кандидат медицинских наук, ведущий специалист Министерства здравоохранения КР по педиатрии Нурмухамед Бабаджанов на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Нурмухамед Бабажанов: бизде эки ирет кызылча оорусу катуу күч алган: 2011-жылы Кара-Суу районунда бир бала чарчап калган, бирок, ага эч ким көңүл бурбады, эч ким анын энесине ал мындай кырдаалга жеткиргендигин айтпады. 2015-жылы да андай жагдай кайталанып, 11 миң адам жабыркап, эки өлүм учуру катталган

— Сөзсүз алдын ала эмдөө жүргүзүү зарыл болгон оорулардын тизмеги барбы? Вакцинадан баш тартууга дегеле болбой турган дарттар кайсылар?

— Вакцинациялоо боюнча улуттук календарда бүгүн 11 илдетке каршы эмдөө жүргүзүлөт, биз алардын бардыгына туруштук берүү үчүн эл вакцина алууга тийиш деп эсептейбиз. Көпчүлүк тигил же бул вакциналар бул календарга дары өндүрүүчү ишканалардын кызыкчылыгынан улам киргизилген дешет, бирок, андай ой жаңылыш!

Вакцинаны календарга киргизүүдө анык бир көрсөткүчтөр бар: дарттын оордугу, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларында вакцинанын натыйжалуулугу, терс таасирлери, башкысы мамлекет үчүн экономикалык жактан натыйжалуулугу эске алынат.

Кызылча, паротит жана кызамыкка каршы эмдөө жасатпай коюуга болор-болбосун көп сурашат. Чындыгында, бул – ар бир ата-эненин өз эрки. Мисалга, паротит – бул шилекей бездеринин сезгениши, аны калк арасында "свинка" деп да коюшат. Бала эмделиши кажет же бул оору менен кичине кезинде ооруганы дурус деп айтам. Эгер бала 12-13 жашынан кийин "свинкага" кабылса, бул оору жумурткаларын жабыркатат да, жигиттин тукумсуз болуп калуу коркунучунун деңгээли 80-90 пайызды түзөт. Бул кандай кейиштүү көрүнүш экендигин элестете аласыздарбы?!

— Качандыр бир кызылча оорусун жеңе алабызбы?

— 2001-жылы Кыргызстанда кызылчаны жоюу милдетин койгонбуз. Демек, биз өлкө калкынын арасында кызылчага туруштук бере алчу – вирус "жашай турган чөйрө" таба албай калгыдай иммунитетти жаратууга тийишпиз. Кызылчаны түп-тамырынан бери жоюу эмнеликтен татаал экендигин түшүндүрөйүн. Расмий маалыматтар боюнча, республикада калктын 92 пайызына эмдөө жасалган. Болжол менен алардын жети пайызында иммунитет түптөлбөй (көп нерсе организмдин өзгөчөлүктөрүнө жараша) калышы ыктымал. Башкача айтканда, элдин 15 пайызы жыл сайын туруктуу иммунитетсиз калсын дейли. Бара-бара бул көрсөткүч көбөйө берет да оорунун жайылышы курчуй түшөт. Ошол себептен, мезгил мезгили менен жалпы эмдөө иш-чараларын өткөрүп турабыз.

— Жагдайды жөнгө салуу үчүн кандай аракет көрүү зарыл?

— Биринчи кезекте, менимче, медиктердин билим деңгээлин жогорулатуубуз кажет. Ар бир – орто же кенже деңгээлдеги медициналык кызматкер да эмдөөнүн зарылдыгын жактоосу абзел. Айыл жергесинде медициналык кызматкерлердин аброю жетишерлик жогору, эгер врач айтып түшүндүрсө, эл эмдөөдөн качпайт. Экинчиси: социалдык медиадагы эмдөөгө каршы чакырыктарга карата түшүндүрүү-үгүт программасын абдан агрессивдүү жүргүзүшүбүз керек.

757
Белгилер:
вирус, кызылча, эмдөө, Нурмухамед Бабажанов
Тема боюнча
Бишкекте кызылча менен ооруган балдардын саны кескин өстү
Сакмаматов: организмди йод берип үйрөтпөш керек