Бир жумада 200дөй айдоочу ичип алып кармалган

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейд 13-июлдан 19-июлга чейин жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери бир жумада жол эрежеси 20 335 ирет бузулганын аныктаган.

Рейд 13-июлдан 19-июлга чейин жүргүзүлгөн.

Ага ылайык, 197 айдоочу ичип алып автоунаа айдап жүргөндө кармалган. Ал эми 2728 айдоочу катуу ылдамдыкта менен жүргөндө колго түшүп, протокол түзүлгөн.

743 айдоочу тыюу салынган жарыктан өтүп кетип, 605 автоунаа айып короого токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0