Соцтармак кызыктары: Арсендин тоюндагы сюрприз, АКШдан куда күткөн кыргыздар

© предоставлено Арсеном ДжумабековымЫрчы Арсен. Архив
Ырчы Арсен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада интернет айдыңында кызуу талкуу жараткан сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт. Анда жагымдуу жана көңүл чөгөргөн окуялар орун алды.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Узаган жумада эстрада ырчысы Арсен үйлөнүп, үлпөт тоюндагы ирмемдер өз убагынан кечикпей социалдык тармактарга жарыяланып турду. Ошондой эле америкалык кыздын кыргыз жигитине турмушка чыгышы талкууга түштү.

1. Арсен үйлөндү. Кыргыз эстрадасынын жылдызы Арсен сүйүктүүсү Бегайым менен баш кошту. Жубайлардын үлпөт тою шаршемби күнү борбор калаадагы ресторандардын биринде дос-тууган, санаалаштарынын коштоосунда өттү. Келген коноктор алгач тойкананын короосундагы түгөйлөрдүн никесин мыйзамдаштыруу аземине күбө болушту. Андан соң кызыктарга бай түрдүү программалар коштолду.

2. Досторунун белеги. Арсендин достору өзгөчө сюрприз жасады. Алар кезектешип Арсендин ырларын аткарып, коноктордун көңүлүн көтөрдү. Видео ирмемдер социалдык тармактарга жүктөлгөн.

3. Америкалык кыз кыргызга келин болду. Тамада Санжар Мыкыев ишемби күнү кыргыз жигити америкалык кызга үйлөнгөнүн айтып, тоюндагы видеону Instagram баракчасына жүктөдү. Ал "Кыргыз эли менен Америка эли кудалашып жатышат! Искендер жана Эшли бактылуу болгула!" деп жазган. Видеодон эки жаш жар-жар ырынын коштоосунда кирип келе жатканын көрүүгө болот.

4. Сулуулуктун азабын тартып… Алып баруучу жана актриса Назира Айтбекова менен ырчы Мерген Турган сулуу болуп жаралып калганы үчүн кыйналып жатышыптыр. Назира "биздин сулуулугубузду көрө албайсыңар да простоооо!" деп тамашалаган.

5. Трактор айдаган бөбөк. Беш жаштагы бөбөк чиркегичи уланган тракторду айдап алып талаада чөп ташып жүрөт. Видеого түшүндүрмө берип жаткан киши айылдын баары ушул балага жардам сурап келип, ишин бүтүрө турганын баяндап жатат. Тамаша, тамашасы менен, канткен күндө да коопсуздукту эстен чыгарбайлы.

6. Денис Тендин кадрда калган элеси. 19-июлда кечке жуук Казакстандын көзгө басар жалгыз фигуристи Денис Тенди уурулар бычактап кетти деген суук кабар тарады. Алган жараатынан ал ошол эле күнү ооруканада жан берген. Анын сөөгү 21-июлда Алматы шаарында жерге берилди. Тен бир гана көркөм муз тебүү менен чектелбей теннис, сууда сүзүү, акробатика, таэквондо, каратэ жана бий өнөрү менен алектенген. Мындан сырткары, сүрөт тартууга, музыкага жакын болчу.

7. Диктор жашып… Денис Тендин өлүмү тууралуу түз эфирден сүйлөп жаткан казакстандык диктор көз жашын тыя албай ыйлап жиберди. Ал "Казакстан Денис Тенди эскерүүдө, коштошуу зыйнатына белгилүү инсандар, атка минерлер жана жөнөкөй жарандар катышууда" деп айтып жатып жашып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0