Телефон кармап турган адамдар. Архив

Телефондорду каттатып алып көтөрсөк, уурдалбай калабы? Адистин жообу

826
(жаңыланган 09:26 25.07.2018)
Телефон аппараттарын, планшеттерди дегеле, симка салып көтөргөн байланыш каражаттарын каттоодон өткөрүү зарылбы, бул процесс качан башталат, баасы кескин кымбаттап кетпейби деген жана дагы бир катар суроолорду Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматовго узаттык.

Уюлдук телефондорду каттоого коюу боюнча мыйзам долбоорунун жобосу аталган мекеме тарабынан даярдалып, министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылган. Учурда документ коомдук талкууда турат.

Заместитель председателя Государственного комитета информационных технологий и связи Эшмамбет Аматов
© Sputnik / Асель Акматалиева
Заместитель председателя ГКИТиС Эшмамбет Аматов

— Эшмамбет Аматович, бул жобону сунуштоого эмне себеп болду?

— Уюлдук аппараттарды каттоо боюнча Жогорку Кеңеш былтыр эле мыйзам кабыл алган. Биз ошонун негизинде жобону иштеп чыгып, учурда коомдун талкуусуна койдук. Башка мамлекеттерде, мисалы, Түркия, Арменияда бул мыйзам иштеп жатат. Ошолордун тажрыйбасына таянуу менен биз дагы өлкө аймагына мындай мыйзамды колдонууга киргизели деп чечтик. Биринчи максатыбыз контрабандалык жол менен кирип жаткан мобилдик байланыш каражаттарына бөгөт коюу жана телефон уурулукту жок кылуу.

— Каттоо кандайча жүрөт?

— Мыйзам ишке кирген соң, телефон же смартфонго атайын IMEI-код коюлуп, ээсинин паспорту аркылуу катталат. Демек, ал телефон жоголбойт десек болот. Жоголуп кеткен күндө да жарандар биздин сайтыбызга кирип, тиешелүү операцияларды аткаруу менен ошол кодду өчүрүп койсо, аппарат иштебей калат. Эгер, чет мамлекеттен телефон сатып келсе деле ушундай эле жол менен сайт аркылуу жарандар өздөрү каттоого коё алышат. Бул биринчи кезекте байланыш аппараттарын мыйзамдуу ташып кирген ишкерлерге жакшы шарттарды түзөт. Ал эми контрабанда менен алектенген соодагерлер азыртан баштап ойлоно бергендери туура болот. Анткени товар алып келинип, бажы аркылуу киргизилип жатканда эле ар бир телефон аппараты катталат. Каттоодон өтпөй калган аппаратты сатуу, албетте кыйынга турат. Мыйзам ишке кирген соң смартфон сатып алууну каалаган кардар IMEI-кодун сурап, андан соң гана алышы керек. Учурда жарандарга мына ушул нерсени жайылтуудабыз.

— Мисалы, Түркияда бир телефонду каттоого коюу үчүн 2000 сомдой каражат төлөш керек. Биздеги баа саясаты, эрежелери кандай болот?

— Эч кандай деле катаал эрежелер, чектөөлөр болбойт. Учурда өлкө аймагында 7 миллиондон ашуун телефон аппараттары колдонулууда. Бул айрым адамдар эки-үчтөн аппарат көтөрүп жүргөнүнөн кабар берет. Ким канча кааласа ошончо аппарат колдоно берсе болот, болгону бардыгы мамлекеттик каттоодон өтүшү шарт. Ал эми каттоо баасын биз учурда 100 сом деп жатабыз.

— Бул мыйзам жаңы сатылып келип жаткан аппараттарга гана тиешелүүбү же колдонулуп жаткан смартфондор да каттоодон өтөбү? Ал эми интернет кармабаган баскычтуу телефондорчу?

— Ооба, мыйзам ишке кирсе өлкө аймагындагы бардык байланыш аппараттары, телефон, смартфон, планшет айтор, сим-карта салынып иштетиле турган каражаттардын баары мамлекет тарабынан катталат. Ошол эле интернети жок аппарат болсо да, IMEI-код алуусу зарыл.

— Жарандарыбыз өзү сайт аркылуу каттатып алса болот дедиңиз, мындай учурда аймактардагы интернет колдонбогон абоненттер кантет?

— Аймактар үчүн да шарттарды түзөбүз. Учурда республикадагы үч уюлдук байланыш компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алардын аймактардагы кадимки эле сим-карта сатып, баланска каражат толтурган жайларга бул ишти да жүктөйлү деп турабыз. Ошол жерде отурган кызматкерлер, кайрылган жарандардын телефондорун каттоодон өткөрүп берет.

— Коопсуздук маселеси кандай каралууда? Дегеним, интернетти жакшы билген жарандар каттатпоонун башка да жолдорун таап алышы мүмкүн да.

— Туура айтасыз. Компьютерди жакшы билген адамдар мыйзамга каршы келген аракет жасап, бир смартфондун IMEI-кодун башка аппаратка көчүрүп коюшу, техникалык жактан мүмкүн. Мындай телефондорду биз клон деп коебуз. Андай смартфондордун колдонууда жүргөнүн ошол эле жогоруда айтып кеткен мамлекеттердин тажрыйбасынан кезиктирдик. Бирок, эгер бир телефондун кодун дагы башка аппарат кайталаганы билинип калса, ошол клон телефон өчүрүлөт. Муну билүү, тактоо үчүн бизде техникалык мүмкүнчүлүктөр бар.

— Техникалык мүмкүнчүлүктөр деп калдыңыз, мыйзам долбоорун ишке ашырууга бул жаатта даярдыгыңыздар кандай? Каражат маселесине токтолсоңуз.

— Бүгүнкү күндө бюджеттен бул мыйзам долбоорун ишке ашырууга атайын каражат бөлүнгөн. Биз тиешелүү техникалык жабдуулар менен толук камсыздалып бүттүк. Буюрса, учурда коомдук талкууда турат, андан соң түшкөн ар кыл сунуштарды карап чыгып, мыйзамга туура келгендерин алып, алымча-кошумчасын киргизип жыл аягы менен өкмөткө сунуштайбыз деп турабыз. Премьер-министр долбоорго кол койгон соң биз аны ишке ашыруу боюнча аракеттерибизди баштайбыз. Кийинки жылдан баштап жарандарыбыздын телефондорун каттоого ала баштайбыз десек болот.

— Мыйзам ишке кирген соң, анын тартиптери кандай болот? Жарандар канча убакытта каттоого коюуга милдеттендирилет?

— Жаңы кирген мыйзам боюнча колдонуучу телефонун 30 күндүн ичинде каттоого койбосо анын байланышы өчөт. Бирок, мыйзам дароо эле мындай тартипте иштеп баштабайт. Анткени, өзүңүздөр жакшы билесиздер, бизде буга чейин контрабандалык жол менен кирген байланыш аппараттары абдан көп. Аларды жарандарыбыз колдонуп жатышат. Муну эске алуу менен биз алгачкы бир жыл ичинде катталбаган телефондорду өчүрбөйбүз.

— Демек, келерки жылдан тарта кардар телефон сатып алууда эмнелерге көңүл бурушу керек анан мыйзамды шылтоолоп смартфондордун баасы көтөрүлүп кетпейби?

— Ар бир жаран алданып калбаш үчүн телефон аппаратты мыйзамдуу ташып келип, саткандардан алганга аракеттенүүсү зарыл. Расмий экенин кантип билем десеңиз, дароо эле аппараттын катталган IMEI-кодун сураган жакшы. Ошондой эле расмий алып келген ишкерлер телефонго завод койгон кепилдикти берет. Тактап айтканда, бир жылдан үч жылга чейинки аралыкка. Ал эми бир ай, үч ай кепилдик берип, анан да баасы өтө арзан болгон аппараттарды сатып албаш керек. Баасы тууралуу айтсак, жогоруда ар бир телефонду каттоого коюу үчүн болгону 100 сом алынарын белгиледик. Каттоо баасы телефондун же смартфондун наркына таасирин тийгизбейт. Андыктан, ишкерлер бааны көтөрбөшү керек. Ошону менен бирге эле Мамлекеттик антимонополиялык агенттик бар, ал өз кезегинде баа саясатын көзөмөлдөп турат. Ар бир телефон бажыдан каттоодон өткөндө эле канча сомдон келип жатканы белгилүү болгондуктан, көзөмөлдөө да оңой болуп калат.

826
Белгилер:
талкуу, мыйзам, каттоо, телефон, Эшмамбет Аматов
Тема боюнча
Кыргызстанда смартфондорду каттоодон өткөрүү сунушталууда
Аматов: уюлдук аппараттарды каттоого алсак бюджетке кошумча каражат түшөт