БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө "Өрүк фест — 2018" фестивалы өтө тургандыгын редакцияга "FSDS" коомдук фонду кабарлады.
Иш-чара 28-июль күнү Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында болмокчу.
"Өрүк фест" Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү туризмди жана көлдүн өрүгүн даңазалоого багытталган.
"Бул Ысык-Көл үчүн маанилүү иш-чаралардын бири. Себеби көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик сатып алуучулар, фермерлер, деги эле чарбага кызыккандардын башы биригип, карым-катнаш түзө алышат. Чарбачылык жааттагы адистер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, чеберчиликтерин көрсөтүп беришет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле фестивалдын алкагында конокторго өрүктөн даярдалган азыктар менен суусундуктар коюлат.
Иш-чара быйыл үчүнчү ирет өтмөкчү.