Премьер-министр КР Сапар Исаков

Жогорку сот: Сапар Исаков 5-августка дейре камакта болот

136
(жаңыланган 12:33 25.07.2018)
Сапар Исаков Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жогорку соттун маалымат кызматы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-августка чейин камакта болорун билдирди.

Маалыматта кылмыш ишин караган сот коллегиясы Биринчи Май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун өкүмүн өзгөртүп мурдагы премьерди 5-августка чейин камакта калтырганы айтылат

Адвокат Нурбек Токтакунов Жогорку соттун коллегиясы Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн 12-августтан 5-авгуска чейин кыскартканын ырастады.

"Биринчи Май райондук соту 5-июнда өкүм чыгарган. Ал эки айга созулганда мөөнөтү 5-августка туура келет экен. Болгону ошого тууралап коюшту", — деди ал.

Токтакунов Жогорку сотко Исаковдун баш коргоо чарасын сыртка чыкпоо боюнча тил катка өзгөрткүлө деп кайрылышканын, бирок өтүнүч канааттандырылбаганын айтты.

Ал буга чейин Жогорку сот Исаков боюнча райондук жана шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырганын билдирген болчу.

Сапар Исаков Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

136
Белгилер:
Жогорку сот, Нурбек Токтакунов, Сапар Исаков, Бишкек
Тема:
Сапар Исаковдун камалышы (28)
Тема боюнча
Жогорку сот Сапар Исаковду камакта калтырды