Түркияга ишке жөнөтөм деген компания убадасынан тайып, улан-кыздарды кууратты

© Sputnik / Эламан КарымшаковБишкекте чет өлкөдөн жумуш берүүнү убадалган "Езекия" компаниясы улан-кыздарды жумушка жөнөтпөй же акчасын кайтарып бербей жатат.
Бишкекте чет өлкөдөн жумуш берүүнү убадалган Езекия компаниясы улан-кыздарды жумушка жөнөтпөй же акчасын кайтарып бербей жатат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабарчы компаниянын кеңсесине барганда 20дан ашуун улан-кыз отурган. Бирок аларды караган жетекчилери жок экен.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкекте чет өлкөдөн жумуш берүүнү убадалган "Езекия" компаниясы улан-кыздарды жумушка жөнөтпөй же акчасын кайтарып бербей жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине жабырлануучулар билдирди.

Айтымдарына караганда, алды апрелде, аягы июнь айынын ортосунда Түркиянын Анталия шаарында иштөө ниети менен келип келишим түзгөн. "Езекия" компаниясы аларды тез арада жөнөтүп, мейманканага жумушка орнотууну убадалаган. Бирок, ар кандай жүйөлөрдү келтирүү менен убакытты создуктура берген. Акыры жарандар компаниядан шек санап, Түркияга кетүүдөн баш тартышып, келишим түзгөндө берген акчаларын кайтарып берүүсүн талап кылышууда. Ар бири 100дөн 350 долларга чейин төлөгөн.

© Sputnik / Эламан КарымшаковБишкекте чет өлкөдөн жумуш берүүнү убадалган "Езекия" компаниясы улан-кыздарды жумушка жөнөтпөй же акчасын кайтарып бербей жатат.
Бишкекте чет өлкөдөн жумуш берүүнү убадалган Езекия компаниясы улан-кыздарды жумушка жөнөтпөй же акчасын кайтарып бербей жатат. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкекте чет өлкөдөн жумуш берүүнү убадалган "Езекия" компаниясы улан-кыздарды жумушка жөнөтпөй же акчасын кайтарып бербей жатат.
© Sputnik / Эламан КарымшаковАйтымдарына караганда, алды апрелде, аягы июнь айынын ортосунда Түркиянын Анталия шаарында иштөө ниети менен келип келишим түзгөн. "Езекия" компаниясы аларды тез арада жөнөтүп, мейманканага жумушка орнотууну убадалаган.
Айтымдарына караганда, алды апрелде, аягы июнь айынын ортосунда Түркиянын Анталия шаарында иштөө ниети менен келип келишим түзгөн. Езекия компаниясы аларды тез арада жөнөтүп, мейманканага жумушка орнотууну убадалаган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Айтымдарына караганда, алды апрелде, аягы июнь айынын ортосунда Түркиянын Анталия шаарында иштөө ниети менен келип келишим түзгөн. "Езекия" компаниясы аларды тез арада жөнөтүп, мейманканага жумушка орнотууну убадалаган.
1/2
Бишкекте чет өлкөдөн жумуш берүүнү убадалган "Езекия" компаниясы улан-кыздарды жумушка жөнөтпөй же акчасын кайтарып бербей жатат.
2/2
Айтымдарына караганда, алды апрелде, аягы июнь айынын ортосунда Түркиянын Анталия шаарында иштөө ниети менен келип келишим түзгөн. "Езекия" компаниясы аларды тез арада жөнөтүп, мейманканага жумушка орнотууну убадалаган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "Езекия" компаниясынын кеңсесине барганда 20дан ашуун улан-кыз отурган. Бирок аларды караган жетекчилери жок экен. Убаракерчилик тарткандардын жалпы саны 50гө чукул экенин айтышууда.

Арыздангандардын бири Медер Айтиев 4-июнда документ тапшырып, 200 доллар төлөгөнүн айтат.

"Мени 20-июнга чейин жөнөтөбүз дешкен. Бирок "ана кел, мына кел" деп отуруп бир ай өткөндөн кийин ал жактагы мейманканалар буларды алдап кеткенин айтышты. Эртерээк билгенде башка компанияга бармакпыз да. Алгач "Кристалл" деген мейманканага иштемей болгонбуз, кийин андай мейманкана жок болуп чыкты. Айтсак, "биз билбей калыптырбыз, эми башкасына которобуз" дешти. Булардын максаты эптеп бизди өлкөдөн чыгарып жиберүү болуп калды. Мурда баргандар убадаланган 400 доллар (27200 сом) эмес, 1200 лира (17200 сом) алып, оор шартта иштеп жүрүшүптүр. Кайтып келгендери да бар", — деди Айтиев.

Студент Айбек Кыдырмаевдин билдиришинче, эртең жолго чыгарына ишенип жумушунан чыгып, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынан келип эки айдан бери батирлеп жашап жаткандар да бар. Кызыгы, жарандарга кырдаалды так кесе түшүндүрбөстөн, сураган сайын эртең-бүрсүгүнү жөнөтүшөрүн айтып үмүткер кыла берген.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кувейттеги ишке алданган кыргызстандыктар Бишкекке алып келинди
"Бул компанияны интернеттеги жарнамасынан көрүп келгем. Ашып барса 15 күндүн ичинде жөнөтөбүз деп, акчасын тез арда төлөө керектигин айтышты. Каражатты ата-энем таап берген. Эмгек келишимди бербегенинен сүрөткө тартып жатсам, каршы болушту. Ага карабай тарттым эле. Өзүм студентмин, каникулда окуу контрагыма иштеп алайын дегем. Бул жактагы жумушуман чыгып бир айдан бери күтүп отурам. Үйдөгүлөр чалып сураган сайын ызаланып жатам", — деди Кыдырмаев.

Перизат Асылбекова бир-эки ай убара кылганы аз келгенсип, акчасынын 30 пайызын кармап же толук кайтарбаганына кайгырып турат.

"Өзүм билет алып кетейин десем 350 доллар экен. Бул жакка келсем 150 доллар менен 3-4 күндө кетирүүнү убадалашты. Үй-бүлөм Жети-Өгүздө турат. Айылыма кетейин десем компаниянын жетекчиси Аман Эсенгулов "анда жетишпей каласың, сага бир-эки күн, 4-5 саат алдын кабарлайбыз. Бир жолу чалганда албасаң рейстен калып каласың" дегенинен эки күн телефонду тиктеп отурдум. Бирок байланышка эч ким чыккан жок. Акча, документтеримди алайын десем минтип эми жетекчилердин өзү жок", — деди Асылбекова.

Ал эми 36 жаштагы Мурасбек Жайчиев келинчеги экөө апрель айында кайрылып 100 доллардан төлөгөн.

"Кой-Таш айылында жашачумун, балдарымдын окуусуна жакын болсун деп шаардан ижарага батир алып ата-энемди киргизгем. Мурда компанияга келинчегим келип жаткан. Акыры ага ишенбей өзүм чалсам "билгениңерди кылып алгыла! Мен силерге эч нерсе бербейм" деди. Мурда суу чарба департаментинде айдоочу болуп иштечүмүн. Бул жактан 350-380 доллар төлөнөт дегенинен иштен чыгып алгам. Эми үч айдан бери жумушсуз үйдө отурам", — деди Жайчиев.

Кечээ кечке жуук алар бул иш боюнча Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына, шаардык прокуратурага, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Ленин райондук милициясына арыз жазышканын кабарлашты.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар
Бул боюнча "Езекия" компаниясынын жетекчилигинен түшүндүрмө алууга мүмкүн болбоду. Документтерди кабыл алган Чолпон Карагуловага чалганыбызда комментарий бере албай турганын айтып, жетекчиси Аман Эсенгулов менен байланышууну сунуштады. Бирок анын номуру бирде өчүк болсо, бирде телефонун көтөрбөй коюп жатты.

Кеңсесинде илинген документте компания Юстиция министрлигине 2017-жылы 19-декабрда катталса, Миграция кызматынан үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде лицензия алганы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Кувейтке иштегени барып алданып калган кыргызстандыктар тууралуу Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0