БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда 300 пансионат жана эс алуучу үйлөр болсо, алардын ичинен 80нинде гана окутуудан өткөн, сертификат алган куткаруучулар иштейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн көлмөлөрдөгү коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешмеде айтты.
"Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча 300 пансионат жана эс алуучу үйлөр бар. Бирок алардын 80нинде гана окутуудан өткөн жана тиешелүү сертификат алган куткаруучу иштейт. Акыркы кездерде алгачкы жардам көргөзө алган 174 адис даярдалды", — деди Мирзахметов.
"Куткаруучулар ыкчам жетүүсү үчүн сууга түшүү аймагы чектелиши керек, анткени чөгүп бара жаткан адамды куткарууда ар бир секунд кымбат", — деди өкмөт башчы.
Буга чейин ӨКМдин берген маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкөдө 70тен ашуун адам сууга чөгүп, каза тапкан.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда россиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмдөө башталып, алгачкылардан болуп аны белгилүү хирург Мамбет Мамакеев алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
"Дарыгер Мамбет Мамакеев "Спутник V" вакцинасын алгачкылардан болуп алды. Препараттын бул партиясы 65 жаштан жогоркуларга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат. Ал эми биринчи этапка кирген топ мурдагыдай эле Кытайдын Sinopharm вакцинасын алуусун улантышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ, 22-апрель күнү, Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. Анын 15 миң дозасын Кыргызстан сатып алды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш таштоо ниети жок. Бул тууралуу Sputnik редакциясынын кабарчысына "Альянс бус" жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.
Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.
Николаидинин айтымында, ага дагы мындай кептер жеткен. Бирок төрага бул ортодогу чагымчылдардын кылганы деп эсептейт.
"Биз иш таштоону пландаган жокпуз. Бул теманын тегерегинде ким мынчалык чуу көтөрүп жатканын билбейм. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек, башка жолу жок. Бизде мэриянын токтому бар. Комиссия тарифтерди көтөрүү боюнча долбоорду даярдаган. Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы ишке киришери менен сессияда бул маселе каралат деп ишенем. Айрым айдоочулар шаар жетекчилиги тарифти көтөрүп беребиз деп коюп, убадасына турган жок деп башкаларды иш таштоого үгүттөп жатыптыр деп уктум. Тиешелүү кызматтар аларды издеп тапсын. Бирок бир дагы фирма иш токтоткусу келген жок. Мындай жол менен көйгөй чечилбейт", — деди ал.
Ушул тапта Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгында жүргүнчү ташуу менен алектенген ишкана жетекчилеринин жыйыны өтүп жатканы белгилүү.
Быйылкы жылдын январь айында жол кирени көтөрүп берүүнү талап кылган беш фирмага тиешелүү 400дөй маршрутка ишке чыкпай койгон. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.
Анда ошол учурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруткалардын жол киресин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок ага жок дегенде май айына чейин убакыт керектигин айткан.