ИИМ: Бишкектеги Токомбаев көчөсүндө 3 аялдама туура эмес коюлган

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада турган шаар тургундары. Архив
Аялдамада турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККБ Бишкек мэриясына аялдамалардын бирин алып салуу маселесин сунуштаган кат жолдоду.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө үч аялдама туура эмес коюлуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти 10:59 рубрикасына аталган көчөдө аялдамалар абдан жакын жайгашып калгандыктан, жол эрежесин бузууга туура келгенин жазган. Анда айтылгандай, бири-бирине жакын жайгашып калган аялдамалар чындап эле айдоочуларга тоcкоолдук жаратат.

Билдирмеге караганда, Токомбаев көчөсүнүн аталган бөлүгүнө ЖКККБ кызматкерлери барып, абал менен таанышып кайткан.

"Чындап эле Жукеева Пудовкин көчөсүнүн түндүк багыты боюнча Байтик Баатырга чейин үч аялдама жайгашкан. Акыркы эки аялдаманын аралыгы 80 гана метр экен. Бул курулуш нормаларынын бузулушу", — дешти милициядан.

Мындан улам ЖКККБ Бишкек мэриясына аялдамалардын бирин алып салуу маселесин сунуштаган кат жолдогону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0