Эстеликтерге чыгып кетип, бүлдүрбөгүлөчү. Мэрия элге кайрылды

© Sputnik / Михаил ДудинДайыр Асанов атындагы паркы. Архив
Дайыр Асанов атындагы паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстеликтерди сактоо максатында Дайыр Асанов атындагы паркта эс алуучулар үчүн эскертүү жазылган атайын такталар орнотулган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Борбор калаанын мэриясы чоңдор менен балдардан Дайыр Асанов атындагы парктагы эстеликтер менен монументтерге чыгып алып, тебелеп-тепсеп бүлдүрбөөнү суранат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Анда Октябрь районунун админстрациясы акыркы учурларда аталган паркка орнотулган эстеликтердин талкаланып, тебеленип-тепселип жатканын кабарлаган.

"Коюлган эстеликтер менен монументтер сиз менен биздин кайраттуу, баатыр мекендештерибизге көрсөткөн сый-урматыбыз. Алар каардуу согушта каармандык менен туруп, душманды жеңип, биздин үйүбүзгө тынчтык алып келишкен эмеспи", — деп айтылат маалыматта.

Реконструкция парка имени Фучика в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Фучик сейил багынын жаңылангандан кийинки көрүнүшү
Аталган эстеликтерди сактоо максатында Дайыр Асанов атындагы паркта эс алуучулар үчүн эскертүү жазылган атайын такталар орнотулган.

"Октябрь районунун урматтуу калкы. Сиздерди муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле жасоону өтүнөбүз. Мэрия чоңдор менен балдардан Дайыр Асанов атындагы парктагы эстеликтер менен монументтерге чыгып алып, тебелеп-тепсеп, бүлдүрбөөнү суранат", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Бул гүлбак борбор калаанын түштүк тарабында жайгашкан, аянты 35 гектар. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, генерал Дайыр Асановдун атын алып жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0