Бишкекте кырсыктаган автобустун жүргүнчүлөрүнүн азыркы абалы

© © SputnikБишкекте кырсыкка учураган автобустан бардыгы болуп 16 адам жабыркаса анын бешөө ооруканага жаткырылды
Бишкекте кырсыкка учураган автобустан бардыгы болуп 16 адам жабыркаса анын бешөө ооруканага жаткырылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төртөөнүн мээси чайкалып, бирөөсүнүн буту сынган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкекте кырсыкка учураган автобустан бардыгы болуп 16 адам жабыркаса анын бешөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Эске салсак, Бишкекте шершемби күнү эртең менен №38 каттамда жүргөн эл ташыган автобус менен Toyota Aristo үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, бир нече адам жабыр таркан.

Айгерчинованын айтымында, Чүй аймактык ооруканасында төрт, Травматология жана ортопедия борборунда бир адам жатат.

"16 адамдын үчөө тез жардам унаасы менен Травматология жана ортопедия борборуна жеткирилген. Дарыгерлер текшергенден кийин эки адамга амбулатордук дарылоо дайындалды. Ал эми буту сынган бир адам ооруканага жаткырылды. Чүй ооруканасына жеткирилген 13 адамдын төртөөнүн баш мээси чайкалган. Алар ооруканада калтырылып, калган тогуз адам үйүнө жиберилди", — деди Айгерчинова.

Маалымат катчы кошумчалагандай, беш адамдын абалы канааттандырарлык.

Жаңылыктар түрмөгү
0