"Аалам ажары" сулуулук сынагы кыздарды купальникчен чыгарбай турган болду

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүФинал конкурса "Топ модель России 2017" и "Топ модель PLUS 2017"
Финал конкурса Топ модель России 2017 и Топ модель PLUS 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары сынакка катышкан кыздар финалда купальник кийип чыгуунунун ордуна чыгармачылык өнөрүн тартуулашат.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Аалам ажары" эл аралык сулуулук сынагына катышкан кыздарга финалда купальник кийип чыгуу эрежеси алып салынды. Бул туурасында аталган долбоордун маалымат кызматы билдирди.

Кыздар анын ордуна чыгармачылык өнөрүн тартуулашат.

"Адамдын сулуулугу ички дүйнөсүндө жашырылган. Кыздар келечекте төрөп, эне болот. Ошондуктан коомчулуктун алдына жарым жылаңач болуп чыгышканы этикага туура келбейт деп эсептейм", — деп калыстар тобунун төрагасы жана эл аралык долбоордун башкы продюсери Леонид Хромов билдирген.

"Аалам ажары — 2017" эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандан Алина Фролова катышкан. Быйылкы сынак октябрь айында Москва шаарында өткөнү жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0