БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Анын көзүнчө аялды коюп жибергенге жол бергени үчүн автоинспектор өзүнүн жазасын алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Чүй облустук бөлүмүнөн кабарлашты.
Июнь айынын жарымында Бишкектин чет жакасындагы Военно-Антоновка айылында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкери делген киши айдоочу аялга кол көтөргөнү видеого түшүп калган.
Аталган башкармалыктын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, автоинспекторго эскертүү берилген. Эгерде ал дагы бир ирет ушундай калпыстык кетирсе, анда кызматынан бошотулуп же башка кызматка которулат. Кызматкердин командирине жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ошол күнкү жоопкер жетекчиге сөгүш берилген.