Көчөдө тамактанган киши. Архивдик сүрөт

Ысыктын күнүндө тамак-ашка ууланбаш үчүн эмне кылуу керек. Министрликтен кеңеш

373
(жаңыланган 10:28 28.07.2018)
Эгерде тамак-ашка ууланып калсаңыз, үй шартында дарыланбастан, тезинен адистерге кайрылыңыз.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги ысыктын күнү калк арасында тамак-ашка ууланып, ичеги-карын ооруларына чалдыккандар күчөй турганын эскертет. Өзгөчө бул көрүнүш 14 жашка чейинки жаш балдар арасында көп катталат.

Аталган ооруларды алдын-алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин тийиштүү департаменти төмөнкү эрежелерди сунуштайт:

1. Гигиенаны туура сактап, тез-тезден колду жууп туруу зарыл;

2. Дааратканага баргандан кийин жана тамак ичээр алдында сөзсүз колду тазалап жууш керек;

3. Жаш балдарды эшиктен үйгө киргенде, айбанаттар менен ойногондон кийин сөзсүз колдорун таза жууганга үйрөтүп, көндүрүү кажет;

4. Этти жакшы жылытканга аракет кылыңыздар. Ашкананы таза кармап, даяр жана чийки азыктарды өз-өзүнчө сактоо шарт. Даяр тамак-ашты эки сааттан көп калтырбай, муздаткычка салуу зарыл;

5. Мөмө жана жер-жемиштерди колдоноор алдында таза жууш керек;

6. Көчөдө жасалган тамактарды сатып албаңыздар;

7. Жай мезгилинде таза сууну көп ичүү керек. Үйдөн таза суу чыкпаса, атайын бойлерден же кайнатылган сууну ичкен оң.

8. Дүкөндөн же базардан азыктарды алып жатканда, сапатына, сактоо мөөнөтүнө, шартына көңүл буруу керек.

9. Инфекция алып жүрүүчү чымын-чиркей, курт-кумурскалардан коргонуу зарыл.

Саламаттык сактоо министрлиги эгерде тамак-ашка ууланып калсаңыз, үй шартында дарыланбастан, тезинен адистерге кайрылуу керектигин эскертет.

373
Белгилер:
тамак-аш, уулануу, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема боюнча
Саратанда кимге көлгө барууга болбойт? Ысык-Көлдөгү 7 кооптуу көрүнүш
Бул 11 өлкөгө быйыл жайда барбай эле койгонуңуз оң. Эксперттер себебин айтышты
Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.

Россиядагы кыргызстандык медиктер Бишкекке келди. Сүрөт

0
Мекенге ак халатчандардан тышкары кош бойлуулар, студенттер, оорулуулар жана башка зарыл себептери бар адамдар келди.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    В Бишкек из Москвы прибыли граждане Кыргызстана
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    В Бишкек из Москвы прибыли граждане Кыргызстана
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
В Бишкек из Москвы прибыли граждане Кыргызстана

Ага ылайык, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" компаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 424 кыргызстандык келди. КРдин Москвадагы элчилиги буга чейин өлкөгө бара турчу медиктердин саны 26 экенин айткан.

"Мекенге кайтып келүүнү каалагандардын саны көп болду. Ошондуктан элчиликтин, кыргыз диаспораларынын жана Москвадагы кыргызстандыктардын клиникаларынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия кайтуусу зарыл адамдардын тизмесин даярдады. Ага студенттер, кош бойлуулар, оорулуулар жана оор жагжайга кептелгендер кирген. Ошондой эле азыркы кырдаалга кол сунууга келген кыргызстандык медиктер бар", — деп айтылат маалыматта.

Ошко Москвадан дагы 343 кыргызстандык учуп келди

Кайтып келгендер медициналык кароодон өтүү үчүн обсервацияга алынары кошумчаланды.

ТИМ сыртта калып калган мекендештерди кайтаруу иши уланып жатканын белгиледи.

0
Белгилер:
ыктыярчылар, медик, каттам, ТИМ, Москва, Бишкек
Кишинин температурасын текшерип жатышат. Архив

Окумуштуу: коронавирустан айыккандан кийин деле өпкө жакшы иштебей калат

20
(жаңыланган 15:42 05.07.2020)
Адистер вирус кайсы органдарды жабыркатарын кенен изилдөө менен анын кесепеттерин алдын алууга жардам берген препаратты даярдоону пландап жатат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Коронавирустан айыккандан бир нече айдан кийин деле симптомдору кала бериши мүмкүн. Бул тууралуу Charite медициналык комплексинин жана Гарвард университетинин профессору Тобиас Курт айтып чыкканын "Известия" жазды.

Анын айтымында, алсырап, өпкөсү начар иштеп, дем алуусу бузулгандар көбөйөт. Бул вируска чейин ден соолугу чың, өнөкөт оорулары жокторго дагы тиешелүү.

Коронавирустун экинчи толкуну: кышында аны грипптен айырмалоо кыйын болот

"Учурда дагы кайсы органдарды жабырката турганын изилдеп, бейтаптар менен иштешип жатабыз. Ошого жараша ооруну жеңгенден кийин анын кесепеттерин алдын алуу боюнча препаратты даярдоого болот", — деген профессор.

Буга чейин британиялык адистер вирустун кесепетинен кийин адамдын психологиясы бузуларын айтышкан.

20
Белгилер:
өпкө, оору, айыгуу, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
4000 долларлык алтын бет кап. COVID-19дан сактанган индиялык кишинин окуясы