Бишкекте шымы жок жаткан милиция кызматкерин видеого тартып алышты

© Sputnik / Нурис АлымбаевМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул факты боюнча кызматтык иликтөө башталды.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Активист Болот Ибрагимов Facebook тармагындагы баракчага милиция формасынын көйнөгүн кийип, бирок шымы жок жаткан кишинин видеосун жарыялады.

Милиционер якобы справляет нужду на улице Гоголя в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мени иштен мыйзамсыз бошотушту. Көчөдө заара ушатты деген милиционер маек берди
Ал күндүз тартылган. Бишкектин номери тагылган автоунаанын ичинде милициянын формасын кийген киши жатат. Абалы жакшы эмес болгондуктан, колун башына жаздап алгандай элес калтырат. Автоунаанын жанында лампас тагылган шым жатат. Үстүнө кандайдыр бир суюктук төгүлгөндөй. Бир нече ирмемдерден кийин кишинин башын көтөргөнүн көрүүгө болот.

Активист жаткан эркекке милиция формачан кишинин басып келген сүрөтүн да жарыялады.

Бишкек шаарынын милициясынан Sputnik Кыргызстандын кабарчысына бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын айтышты. Балким, анын жыйынтыгы менен кызматкер ишинен кетиши мүмкүндүгүн кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0