Бишкекте кырсыктаган автобустан жабыркагандарга компенсацияны ким төлөйт?

© © SputnikДТП на пересечении улиц Фрунзе и Курманалиева
ДТП на пересечении улиц Фрунзе и Курманалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгына кабылган автобустагы камсыздоосу жок жүргүнчүлөрдүн дарылануусу үчүн акча берилет.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Автобус катышкан жол кырсыгынан жабыркагандарга компенсация Бишкектеги жүргүнчү автотранспорту ишканасынын жетекчилигинин маянасынан төлөнөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык транспорт маселеси боюнча вице-мэр Геннадий Милицкий билдирди.

Ошто тормозу кармабай калган жүк ташуучу автоунаа 7 машинаны коюп кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ошто тормозу кармабай калган жүк ташуучу автоунаа 7 машинаны коюп кетти. Видео
Борбор калаадагы Фрунзе менен Курманалиев көчөсүнүн кесилишинде 25-июлда Toyota Aristo жеңил автоунаасы менен №38 каттамдагы автобус кагышып, 16 киши жабыркаган. Анын 13үнүн мээси чайкалып, төртөө Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Үч киши Бишкек шаардык травматология жана илим изилдөө борборунда текшерүүдөн өтүп, бирөөнүн буту сынса, экөөнө амбулатордук дарылануу дайындалган. 26-июлда маалым болгондой автобустардын камсыздоо полисинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаракат алган жүргүнчүлөр компенсациясы жок калышы мүмкүн экени ортого чыккан. Анткени каражат жоктугунан автобустардын камсыздандыруу полиси узартылган эмес.

Милицкийдин айтымында, муниципалдык ишканада чынында эле акча жок, бирок бул көрүнүш жүргүнчүлөргө компенсация төлөбөй коюу жоопкерчилигинен куткарбайт.

"Ишкананын жетекчилиги жабыркагандардын дарылануусуна кеткен бардык чыгымдарды өз чөнтөгүнөн төлөйт. Бишкектеги жүргүнчү автотранспорту ишканасынын өкүлдөрү жабыркагандардан кабар алып жатат. Жол кырсыгынан эң көп айдоочу жаракат алган. Ишкананын жетекчилиги административдик жазага тартылып, жок эле дегенде сөгүш алат", — деди Милицкий.

Эл ташыган автобус менен жеңил унаа кагышкан кырсык. Жеринен тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Бышактаган аялдар, апкаарыган айдоочу. Автобус менен машина кагышкан видео
Ал ошондой эле бардык автобустар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алат деп ишендирди.

Быйыл 1-апрелден тарта күчүнө кирген мыйзамга ылайык, жүргүнчү ташыган бардык айдоочулар камсыздандыруу полисин алганга милдеттүү. Эгер жол кырсыгына кабылган автотранспорттогу жүргүнчү жаракат алса камсыздандыруучу компания 310 миң сомго чейин компенсация төлөп берүүгө милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0