Адамдын сууга чөгүп жатканын кантип билсе болот? Куткаруучунун кеңеши

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүСуугу түшүп жаткан адамдар. Архив
Суугу түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта аяктап калды, Ысык-Көлгө эс алып келүүгө ашыгып, камынгандар көп болсо керек. Бирок этият болбосо өткөн жумада эле 10го чукул киши сууга чөгүп каза болду.

Куткаруучулардын айтымында, ар бир адам өзүнө сак болбосо,  сууга чөгүп жаткан киши менен жөн гана чабак уруп жаткан адамды айырмалоо кыйын. Анын үстүнө көпчүлүктө эч кимге билинбей калышы ыктымал. Эс алуучулар кокус сууга чөгүп бараткан адамды байкап калса кандай жардамдарды көргөзө алат, чөгүп жаткан киши менен сүзүп жүргөн адамды кантип айырмаласа болот? Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна ӨКМдин суучулдар кызматынын жетекчиси Урматбек Шамырканов жооп берди.

Адам чөгүп жатканын кантип билсе болот?

Новогоднее плавание на Адриатическом море в Портороже - Sputnik Кыргызстан
Сууга чөккөндөр арбыды. Адам өмүрүнө ким жоопкер да, ким карайт?
Сууга чөгүп бараткан адам менен чабак уруп жаткан кишини  айырмалоо чын эле кыйын. Көпчүлүгү ал жөн гана сууга кирип чыгып ойноп жатат деп ойлошу мүмкүн. Айрымдары "адам чөгүп жатса жардам сурайт да" деп ойлошот. Бирок ал кыйкырып жардам сурамак тургай, дем алууга дарманы келбей калат. Тулку бою тик кармалып, аркан тепкич менен өйдө чыгууга аракет кылып жаткандай көрүнөт. Ошондой эле колун өйдө көтөрүп, сууну чапкылашы мүмкүн. Ушундай белгилерди байкасаңыз дароо жардамга барыңыз.

Кандай жардам көрсөтө алабыз?

Алгач эле куткаруучуга кабарлаңыз. Себеби ал жасалма дем алдырганды, биринчи жардам көргөзгөндү билет.

Куткаруучу жок болсочу?

Побережье Черного моря в Адлерском районе Сочи - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Ысык-Көлдөгү 300 пансионаттын 80инде гана сертификаттуу куткаруучулар иштейт
Ар бир эс алуу жайында, пансионатта сөзсүз эки-үчтөн куткаруучу болушу шарт. Эгер жакын жерде жок болуп калса, өзүңүз сүзгөндү билсеңиз, жаныңызга чабак урганды билген эки-үч адамды алып, чөгүп жаткан адамга тезирээк барыңыз. Эгер сиз көлдүн жээгинде эмес, сууда болуп калсаңыз үнүңүздүн жетишинче кыйкырып, элди жардам берүүгө чакырыңыз. Анткени чөккөн адамга бир эле кишинин алы келбей калышы ыктымал. Мындан сырткары, ар бир жээкте куткаруу посттор турат. Ошол жактан атайын жилет, баллондорду алып колдонсоңуз болот.

Эскертүү! Эгер сиз жакшы сүзгөндү билбесеңиз башка кишилерди жардам берүүгө чакырыңыз. Жакшы сүзө албаган киши чөгүп жаткан адамга жардам бере албайт. Тескерисинче, экөөңөр тең суу алдында калышыңар ыктымал. Чабак урганды жакшы билбеген адам сууга түшөөр алдында жээктеги куткаруучулардан сүзүүнүн эрежелерин, кокус чөгө баштаса кандай белги берсе болоорун сурап алуусу керек.

Чөккөн адамды жээкке алып чыкканда биринчи кандай жардам көрсөтүлөт?

Көпчүлүк адамдар чөккөндө суу жутуп алат. Аны жээкке алып чыгаары менен оозу-мурдунда суу калса, чыгарып тазалай коюш керек. Эгер жасалма дем алдырганды жана жүрөккө массаж жасаганды билсеңиз, дароо жардам бере баштаңыз. Бирок андай болгон күндө дагы Тез жардам менен  куткаруучуларды чакырыңыз.

Айлана-чөйрөдөгү сууга түшүп жаткан адамдарды байкап, көз салып коюңуз!

Жаңылыктар түрмөгү
0