ЖОЖдун кармалган ректору студенттер эле эмес, чоңдорду да сызга отургузган дешти

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал индиялык 60 студенттен 2900 доллардан алып, бирок аларды "окутуунун акысын төлөбөгөндүгү үчүн" университеттен чыгарып койгон.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринин алдамчылык менен күнөөлөнүп жаткан ректорунун үстүнөн дагы арыз түшүп, ал Октябрь райондук милициясында каралууда. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

Анда Илим жана бизнес боюнча эл аралык университеттин 42 жаштагы ректорунун үстүнөн эми студенттер эмес, башкалардан дагы арыз түшкөн.

"20-июлда Октябрь райондук милициясына Бишкектин тургуну андан А.Н., аттуу адам өткөн жылы сегиз миң долларды март айында батир таап берем деп алып, ошол бойдон жок болуп кеткендигин айтып кайрылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Паранын 80 миң сомун аялынын эсебине котортуп койгон инспектор кармалды
Буга чейин 18-июлда Октябрь райондук милициясына Илим жана бизнес боюнча эл аралык университеттин студенттеринен ректорго чара көрүү боюнча арыз менен кайрылышкан. Анда индиялык 60 студенттен 2900 доллардан алып, бирок аларды "окутуунун акысын төлөбөгөндүгү үчүн" университеттен чыгарып койгондугун айтылган.

Бишкек шаардык милициясы аталган жогорку окуу жайдын ректору чек арадан колго түшүп, учурда Октябрь райондук милициясынын имаратында көрсөтмө берип жаткандыгын билдирген.

Аны Россияга учуп кетээр алдында Эл аралык "Манас" аба майданынан кармашкан. Учурда Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тартип коргоочулар жарандарды эгерде аталган окуу жайдын ректорунун алдамчылыгынын курмандыгы болуп калса Октябрь райондук криминалдык милициясына 0551 10-21-80, 0702 10-60-20, 0554 10-21-52, 0557 52-57-57 телефондору аркылуу кайрылууну түнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0