Асел Султаналиева бүк түшө тагдырдын татаалдыгына наалып жата берсе деле болмок. Бирок, анте албайт, себеби, үч баласы бар, эң кенжеси өз курагындагылардан эки эсе аз салмакта. Эгер тез арада операция жасалбаса, төрт жашар Амантур таптакыр эле илмийип калат.
— Асел, адеп өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
— Советтик балдардыкындай эле балалыгым бактылуу өткөн. Таласта төрөлгөм, атам башкы инженер, апам наавайчы болуп иштеген. 18ге толгонумда Бишкекке окууга тапшырууга келгем. Биринчи жылы экзаменден кулап калдым, бирок, шаардан кетким келбеди. Таежелеримдин колунда калып, банкка курьер болуп ишке орноштум.
— Жолдошуңуз менен кантип тааныштыңыз эле?
— Көп убакыт бою жигит жөнүндө ойлоого убактым болгон эмес, эртеден кечке жумушта болчумун. Баса, банкта жашы бир топко барып калганына карабастан, турмушка чыга элек сулуу, акылдуу кыздар көп эле.
Курбум бир ирет: "28ге келип калдың, жадагалса, жигитиң да жок. Кел, мен сени аталаш тууганым менен тааныштырайын" – деп калды. ЗАГСка барардан оболу бир жума сүйлөштүк.
— Бактылуу турмуш кечирдиңиздер деп айтууга болобу?
— Ооба, бирок, турмушубуз татаал эле. Өз үйүбүз болбогондуктан, батирден батирге көчүп жашадык.
Негизинен мен иштечүмүн, жолдошум анда-санда акча тапмайга чыкчу. Бирок, ал жалкоолончу деген ой кетпесин! Бухгалтер-кассирдин ишин жоготуп албоо үчүн декреттик өргүүдөн эрте жумушка чыгууга аргасыз болчумун. Улуу балдарым бир жашка чыга элегинде эле иштей баштагам, ал эми Амантур төрөлгөндө баары башкача нук алды.
— Үчүнчү кош бойлуулук маалында бир мандем бар экенин сездиңиз беле?
— Башында баары жакшы эле болчу. Кийин УЗИге барганымда врач мониторго узакка карады. Анан кабагын бүркөй: "Түйүлдүк туура эмес өсүп жатат окшойт деп кооптонуп турам. Алматыга, жеке клиника барып келишиңиздер керек. Бирок, дароо айтып коеюн, ал жакта арзан эмес!" — деди.
Мага түшүндүргөнүнө караганда, ошол клиникада эле каканак суусун изилдеген атайын аппарат бар экен. Ооба, барыш керек болчу, бирок, биздин үй-бүлөдө андай каражат кайдан? Аябай коркконубузду сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес эле. Жолдошум экөөбүз бизде арзан болгондуктан, өзүбүздүн эле шаарда анализди тапшырууну чечтик.
Колума алган жыйынтыкты ачканымда көңүлүм жай алып калды, анализдер жакшы чыкты… Көз жарганча жаман ойлорду кубалай бердим. Амантур жарыкка келгенде врачтардын бири мага: "Даун синдромуна окшоп турат" – деди. Көрсө, андай күн балдардын баары бири-бирине окшош төрөлөт тура: баштары желкесине карай жалпайгандай, кичинекей, чалыр көздөрү, жалпайган мурду бар. Абдан боорукер, алдап же жек көргөндү билишпейт.— Диагнозду укканда корккон жоксузбу?
— Жок, Даун синдрому дегенди мурда укпаптырмын. Сиңдим интернеттен карап, окуп чыгып, мени эмне күтүп турганын айтып берди. Көрсө, менин наристем эч качан башка балдарга окшошпойт экен. Соңунда ал: "Белиңди бекем буу, сени кыйын күндөр күтүп турат", – деди. Башка аргам бар беле?!
…Жо-ок, төрөт үйүнө Амантурду таштап кетүү оюма да келген эмес. Врачтар да андай нерседен ооз ачкан жок.
— Ооба, өзгөчө бөбөк экен, азыр эмне көйгөй чыкты?
— Учурда уулум төрт жашта, эгер операция жасалбаса, ал таптакыр илмийип калат. Албетте, бул тууралуу ойлонгум дагы келбейт, бирок андан ажырап калышым деле мүмкүн. Бул балдар абдан чабал болуп төрөлүшөт, Амантурдун ашказан стенозу да бар. Мындан улам анын абдан ичке ичегилеринин тамак өтпөйт дагы. Амантурдун жегенинин 80 пайызы ашказанына жетпейт. Суюк аралашманын бир табагын бир нече саатта жеп бүтөбүз — тамактын калдыгын оозунан кашыкка илип араң жетишесиң…
Коюу тамак жей албайт, ага суу кошуп даярдалчу аралашма сатып алууга туура келет. Арык денесин караш да кыйын: буту-колу аябай ичке, жамбашы да жок. Төрт жашар экенине карабастан, болгону 7-8 кило. Баса албайт. Аракет кылат, бирок, буттары аябай чабал. Бир дагы энеге мындайды каалабас элем…
— Дарыгерлер кандайдыр бир көмөк көрсөтө алабы?
— Операция кылуу зарыл, бирок, биздин врачтар чочулашууда. Амантур өтө эле арык, наркоздон ойгонбой да калышы ыктымал. Бизди Москвадагы №13 Балдардын шаардык клиникалык ооруканасына баргыла дешкен. Ал жактан бизге алдын ала эсептеп жиберишкени эле 252 миң рублди түзгөн, бирок, бардык анализдери, дары-дармек, жол кире менен үч жүз миңден ашып кетет.
Дагы бир чоң көйгөй: ал жакта жашоо. Бир аялды тааныйм, анын баласынын диагнозу да дал Амантурдукундай. Москвада алар үч ай жашоого аргасыз болушту. Бактыга жараша, биздин диаспора аларды турак жай менен камсыз кылышкан, ал эми мен кандай кылам?
Баары бир биздин эл боорукер, кайрымдуу. Менин уулума таптакыр эле тааныбаган мекендештер 150 миң сом чогултуп беришти! Алар эми кайдан бейтааныш болсун? Азыр алар мага баарынан жакын адамдар.
— Үйүңүздө жамандык да болуптур, ноябрда жолдошуңуз каза болгон экен…
— Ооба, ошол убакта балдарым менен Бишкекке жакын Байтик айылындагы ата-энемдикинде жашачумун. Күйөөм Таласта калып, бизди аябай сагынчу эле. Балдардын каникулу башталган кезде ал чыдабай: "Келгилечи, силерсиз мага кыйын болуп баратат" – деп суранды.
Он мүнөттөн кийин эле бирөө терезени катуу каккылады. Туугандарыбыздын бири "Кырсык! Бакыт байкени машине уруп кетти" – деп кыйкырды. Жолго чуркап чыксам, аны ооруканага алып кетишиптир. Ал жерде аябай талкаланган унаа турган, абдан катуу ылдамдыкта келе жатканы көрүнүп турат.
Жолдошум эки күн комада жатты, 5-ноябрда жан берди. Кызым атасына өзгөчө жакын болчу. Аны эч соорото албай койгом ошондо. Тун уулумду Таласка ата-энем алып келди, жолду карата атасын сурай бериптир, бирок, алар ага эч нерсе айта алышпаптыр. Боз үйдү, үймөлөктөшкөн элди көргөндө өзү эле баарын аңдаптыр.
Канча көз жаш төккөнүмдү билесиздерби? Улам эле жанагы жакка барбай койсо, балким, тирүү калмактыр дей бердим. Бирок, канча кайгырган менен кайрый албайт экенсиң.
— Тигил айдоочуга эмне болду?
— Ал колунан келишинче жардам берип келет. Өзүнүн алты баласы бар экен, аны соттоткум келбеди. Кенже уулум 18ге чыкканча үч миң сомдон жардам берип турат деп чечишкенбиз.
Азыр ошол акчага жашайбыз да биз: ар бир балага мамлекет миң сомдон төлөп берет, кенжесинин майыптыгынан улам дагы үч миң, анан Азамат – жанагы айдоочу берген үч миң, айына жалпы 9 миң чыгат.
— Адатта сиздикиндей тагдырга туш болгон адамдар маек берип жатканда ыйлап ийишет. Сиз кайраттуу экенсиз.
— Аргам канча? Үч балам бар, кичүүсү көз алдымда соолуп барат. Эгер өзүмдү өзүм колго алып, операция жасатпасам, ага ким жардам берет?..
Эң байлардын тизмесинде дагы деле Amazon интернет-ритейлердин башкы директору Жефф Безос көч баштоодо. Анын байлыгы бир жыл ичинде 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда анын мүлкү 177 миллиард долларды чапчыйт.
Tesla компаниясынын ээси, жеке ишкер Илон Маск экинчи сапта турат. Өткөн жылы анын компаниясынын акциялары 720 пайызга кымбаттап, рейтингдеги 31-катардан дароо экинчиге көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.LVMH мода үйүнө үй-бүлөсү менен ээлик кылган Бернар Арно үчүнчү сапка жайгашып, мүлкү 150 миллиард долларга бааланууда. Эскерте кетсек, россиялык супермодель Наталья Водянова Бернардын уулу Антуан Арнонун жубайы болот.
Рейтингге бардыгы болуп 2 755 миллиардер кирген. Алар былтыркыдан 660 кишиге көбөйгөн. Миллиардерлердин мүлкү жалпы жонунан 13,08 триллион долларга бааланууда. Бул рекорддук көрсөткүч.
Планетанын эң бай адамы Жефф Безос 2018-жылы Вашингтондо өткөн экономикалык клубдун жыйынында сүйлөп жаткан учуру
Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск автоунаанын жанында турат. 2020-жылы ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасаган
Рейтингде үчүнчү сапта LVMH мода үйүнө ээлик кылган Бернар Арно жана үй-бүлөсү турат. Сүрөттө: Бернар Арно өмүрлүк жары, уулу Антуан жана келини россиялык супермодель Наталья Водянова
Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтс 124 миллиард доллар мүлкү менен төртүнчү орунда турат. Ал жубайы менен дүйнөдөгү эң ири кайрымдуулук фондду жетектешет. Мындан сырткары, АКШнын 19 штатында дыйканчылык жерлери бар
Бешинчи сапты Марк Цукерберг ээлеген. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсүнүн мүлкү 97 миллиардды чапчыйт
Уоррен Баффеттин байлыгы Цукербергдикинен бир миллиард долларга аз. Ал белгилүү Berkshire Hathaway инвестициялык мекемеге жетекчилик кылат. Уюм 60тан ашык компаниянын үлүшүнө ээлик кылат
Миллиардер Ларри Эллисондун негизги кирешеси Oracle компаниясынан түшөт. Мекеме программалык камсыздоо менен алектенет. Эллисондун мүлкү 93 миллиард доллар деп бааланат
Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар
Сергей Бриндин 89 миллиард долларлык мүлкү бар. Анын атасы 1977-жылы Советтер Союзунан жер которуп кеткен
Индиялык Мукеш Амбани ааламдагы эң байлардын тизмесиндеги алдыңкы ондукка кирген азиялык жалгыз өкүл. Ал ири мунай компаниясынын акционери болуп саналат. Мындан сырткары, 4G-интернет кызматын көрсөтүүчү компанияга ээлик кылат
Inditex корпорациясын негиздеген испаниялык Амансио Ортега 11-сапта турат. Ал бир катар дүйнөлүк бренддерди башкарат, алардын эң атактуусу – Zara
Франсуаза Беттанкур-Майерс L'Oreal косметикалык бизнес-империясын негиздеген адамдын небереси болуп саналат
Кытайлык Чжун Шаньшань суусундук чыгаруучу компанияга жана медициналык корпорацияга ээлик кылат
Microsoft компаниясынын мурдагы башкы директору Стив Балмер рейтингде 14-сапта
Ма Хуатэн Tencent Holdings интернет-холдингге ээлик кылат. WeChat мессенжери дал ушул уюмга таандык. Кытайлыктын ошондой эле дүйнөдөгү башка ири долбоорлордо да үлүшү бар.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкекте табылган эки жашар бөбөктүн апасы милиция менен байланышка чыкты. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, Бишкек шаарынын 3-кичи районунда болжол менен эки жаштагы бөбөк табылган. Учурда ал балдар үйүндө. Буга чейин соцтармакта белгисиз аял милицияга чалып уулун алып кете турганын айтканы боюнча маалымат тараган.
"Күч түзүмдөрүнө 22 жаштагы М.С. аттуу келин байланышка чыгып, табылган баланын энеси экенин айткан. Ал милициянын бөлүмүнө чакыртылып, уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөткөн. Документте эки жаштагы М.А. аттуу бала болуп чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Бөбөктүн энеси Чүй облусунда жашарын айткан.
"Жакында эле алар 3-кичи райондо жашаган туугандарыныкына келишкен. Ал жактан чыккан соң кызы өзүн начар сезип, аял уулун отургузуп коюп кызы менен басып кеткенин айтты. Кийин районду жакшы билбегендиктен адашып кетишкен", — деп жазылат билдирмеде.
"Териштирүү учурунда кечээ болжол менен саат 15:00дөр чамасында М.С. аттуу аял балдар үйүнө барып социалдык кызматкерге каржы жактан кыйналып жаткандыгын айтып, уулун ошол жакта калтырууну өтүнгөн. Кызматкер бул маселе боюнча башкармалыкка кайрылууну суранган", — деди укук коргоо органы.
Милиция энеси уулун алып кетиш үчүн башкармалыктын үй-бүлөнү жана баланы колдоо бөлүмүнө мыйзамга ылайык бир нече документин көрсөтүшү зарыл экенин белгиледи.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Чүй облусунун трассасында төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалымат кызматы билдирди.
Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram-каналына жарыяланган.
Каргаша Александровка айылында 15:00дөр чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn, Ford Transit, Lexus LX470 жана Merceses-Benz үлгүсүндөгү микроавтобус кагышкан.
Натыйжада Ford үлгүсүндөгү унаанын эки жүргүнчүсү жабыркаган. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.
Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгынан улам Бишкекти көздөй кеткен жолдо унаа тыгыны жаралган.