Катуу күрөшчү... сууга чөгүп каза тапкан дзюдочу Сталбек уулу тууралуу 5 факты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДзюдоист. Архив
Дзюдоист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, дзюдо боюнча спорт чебери жана милиционер Нурсултан Сталбек уулу Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында сууга чөгүп каза тапты.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Нурсултан Сталбек уулу тууралуу 5 факты сунуштайт.

© Фото / Талантбек ДуйшенбековДзюдо боюнча спорт чебери жана милиционер Нурсултан Сталбек уулу
Мастер спорта Кыргызстана по дзюдо Нурсултан Сталбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Дзюдо боюнча спорт чебери жана милиционер Нурсултан Сталбек уулу

1. 1993-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылында туулган. Чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланган. Үйлөнө элек болчу.

2. Жети жашынан тарта дзюдо боюнча машыктыруучу Талантбек Дүйшөнбековдун колунда тарбияланган. КРдин чемпиону, спорт чебери  наамына ээ болгон.

Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан
Базарбай эмес, Бостон болмокмун... Дүйшөн Байдөбөтов тууралуу кызыктуу фактылар
3. 2013-жылы өткөн Азия чемпионатында жетинчи орунду алган. Ушул мелдештен кийин бутунун чыпалагынын сындырып алып, чоң спорттон кетүүгө аргасыз болот. Машыктыруучу Дүйшөнбеков "далай мелдештерде чемпион болот дечүбүз, келечеги спортчу эле, катуу күрөшчү" деп өкүнүү менен эскерди.

4. Спорттон кеткенден соң, 2016-жылы ИИМдин академиясын аяктап, 2017-жылдан тарта кайгуул күзөт кызматында иштеп жаткан. Машыктыруучусунун айтымында, милиционерлер арасында өткөн мелдештерге да байма-бай катышып турган.

5. Күтүүсүз өлүм. Нурсултан Сталбек уулу 25-июль күнү достору менен Бостери айылындагы пансионаттардын бирине эс алганы барган. Кечээ, 27-июлда суудан тарамышы түйүлүп, андан ары сүзө  албай кырсыкка учураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0