Баткенде милиция дудук баланын ата-энесин издеп жатат. Сүрөт

Жазылуу
Тестиер сүйлөй албагандыктан укук коргоо органдары анын тек-жайын тактай албай жатат.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Баткен районуна караштуу Орто-Боз айылынан 29-июль күнү кечки саат 21.30дар чамасында тестиер бала табылды. Милиция анын ата-энесин издеп жатканын Баткен ОИИБден маалымдашты.

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиПодросток, найденный в селе Орто-Боз Баткенской области
Подросток, найденный в селе Орто-Боз Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Подросток, найденный в селе Орто-Боз Баткенской области

Укук коргоо органдары баланын жакындарын табуу үчүн коомчулуктан жардам сурайт.

"Бала өзү жалгыз айыл аралап жүргөн. Ал дудук болгондуктан милиция кызматкерлери аты-жөнүн, жаш курагын, жашаган жерин тактай албай жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бала 10-12 жаш чамасында, бою 135-140 сантиметр, чачы кыска, кара түстүү жол-жолу бар футболка, боз түстөгү спорттук шым жана тапичке кийип жүрөт.

Бала тууралуу маалыматы барлар 03622 51756, 0776 001505, 0777 071515, 0550 880164 телефон номерлери аркылуу кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0