Азык-түлүк. Архив

Канткенде тамакка ууланбайбыз? Министрликтен 11 кеңеш

185
(жаңыланган 09:33 01.08.2018)
Негизгиси колдун, суунун жана тамак-аштын тазалыгына көңүл буруңуз.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, тамак-ашка уулангандардын саны жай мезгилинде көбөйөт.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти ууланууну алдын алуу боюнча 11 кеңеш айтты.

— Тез бузулуп кетчү азык-түлүктөрдү муздаткычы бар дүкөндөрдөн гана сатып алыңыз. Мындай тамак-ашка сүт, эт жана кондитердик азыктар кирет.

— Тез бузулуп кетчү азыктарды сатып алып жатканда, колдонуу мөөнөтүн караңыз.

— Эрип кайра тоңдурулганы билинип турган азык-түлүктөрдөн оолак болуңуз.

— Шаурма менен бургерден тышкары ичине эт, сыр, жер-жемиштер салынып жасалган токочторду абайлып жеңиз. Сиз алганга чейин аларга кошулган азык-түлүк кантип сакталганын билбейсиз да.

— Эт, балык, жумуртка, сүт сыяктуу чийки азыктарды жакшылап кайнатып туруп колдонуңуз. Муздаткыч болбосо, жаныңызга узак убакытка алып жүрбөңүз.

— Муздаткычта бышкан тамак менен чийкилерди өз-өзүнчө кармаңыз. Бышкандарын оозу бекем жабылган идиште сактоо туура.

— Тез бузула турган азык-түлүктү жылуу жерде эки сааттан ашык кармоого болбойт.

— Сатып келген жер-жемиштерди алгач муздак сууга жууп туруп, акырында кайнак суу менен бир чайкап коюңуз. Өзгөчө үйдө кичине балдар болсо бул шарттарды кынтыксыз аткаруу керек.

— Уунаа жолунун жээгинде сатып аткан жер-жемиштерге жолобой эле коюңуз. Мындан тышкары, кесилген коон менен дарбызды албаңыз.

— Чийки суу ичпеңиз.

— Дааратканадан чыкканда жана тамакты кармаар алдында сөзсүз колду жууңуз.

185
Белгилер:
кеңеш, жашылча-жемиш, оору
Тема боюнча
Адамдын сууга чөгүп жатканын кантип билсе болот? Куткаруучунун кеңеши
Кан шимирип, түнү уйку бербеген кантала. Каскактан канткенде арылабыз?
Мышык менен ойноп жаткан бөбөк. Архив

Бөбөгүн жоготкон бала милицияга айтып, алар эки жашар баланы эки саатта тапты

13
(жаңыланган 12:55 31.05.2020)
29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала кайрылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору Бишкектин Ак-Өргө кичи районунда жоголуп кеткен эки жашар баланы ата-энесине таап берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала (жашы айтылган эмес) кайрылган. Ал саат 13.30дар чамасында эшиктин алдында ойноп турган инисин таппай калганын айткан.

"Эки сааттан кийин бөбөк ошол эле конуштагы Гагарин менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, ата-энесинин колуна тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан билдиришкендей, небересинин табылганына сүйүнгөн чоң эне инспекторлорго ыраазычылыгын айткан.

13
Белгилер:
издөө, бала, милиция, "Ак-Өргө" кичи району, Бишкек
Тема боюнча
Чүйдөн жоголгон өспүрүм кыздар Баткенден табылды
Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту

Байкерлер калаа тургундарына уйку бербей... Милиция алар менен жолугуп, эскертти

25
Инспекторлор мотоциклчендерге түн ортосунда жарыш уюштуруп, шаардыктардын тынчын албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу башкармалыктан билдиришти.

  • Инспекторы Управления патрульной службы милиции Бишкека провели встречу с байкерами из-за жалоб горожан
    Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Инспекторы Управления патрульной службы милиции Бишкека провели встречу с байкерами из-за жалоб горожан
    Жолугушууга Кыргызстандын мотоциклчилер коому катышты.
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
1 / 2
© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту

Жолугушууга Кыргызстандын мотоциклчилер коому катышты.

Маалыматка караганда, өзгөчө абал режиминин алкагында жарыяланган коменданттык саат жоюлгандан бери мотоцилкчендер шаардын чоң көчөлөрүндө түнкүсүн жарыш уюштуруп, коомдук тартипти бузуп келишет. Ал тургай жол кырсыктары болгон учурлар дагы катталганы айтылды.

Инспекторлор байкерлерди жолдо жүрүү эрежелерин сактоого чакырды. Ошондой эле алар түнкүсүн жашоочулардын тынчын алып жарыш уюштурууну уланта берсе, мыйзам чегинде жазаланары эскертилди.

25
Белгилер:
жашоочулар, көчө, мотоцикл, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Инспектор тоссо карайлап калбаңыз! Айдоочунун башын ооруткан 9 суроого жооп
Борбор калаадагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыкты

Бишкектин Алтын-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн өрт чыкты. Видео, сүрөт

17
(жаңыланган 13:14 31.05.2020)
Өрттү өчүрүүгө саат 12:24тө Свердлов райондук №7 кызматтан бир бөлүм, саат 12:26да Октябрь райондук №5 кызматтан бир бөлүм тартылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Борбор калаадагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты ӨКМден тастыкташты.

  • На месте пожара в жилом доме в жилом массиве Алтын-Ордо
    Борбор калаадагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыкты
    © Sputnik / Бегайым Касымбекова
  • На месте пожара в жилом доме в жилом массиве Алтын-Ордо
    Өрттү өчүрүүгө саат 12:24тө Свердлов райондук №7 кызматтан бир бөлүм, саат 12:26да Октябрь райондук №5 кызматтан бир бөлүм тартылган.
    © Sputnik / Бегайым Касымбекова
1 / 2
© Sputnik / Бегайым Касымбекова
Борбор калаадагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыкты
"Алтын-Ордо жаңы конушунун 16-көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:24тө Свердлов райондук №7 кызматтан бир бөлүм, саат 12:26да Октябрь райондук №5 кызматтан бир бөлүм тартылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерден тартылган видеону "Короче" Telegram каналы жүктөдү.

Кадрлардан эки кабаттуу үйдүн күйүп жатканын көрүүгө болот.

17
Белгилер:
өрт, үй, Бишкек
Тема боюнча
Алматыда эмерек цехинде жарылуу болду. Видео