Миңдеген рубль турат. Чет элдик аукциондо сатылган кыргыз сомдору

Жазылуу
Банкноталар өзгөчө номери үчүн кымбат бааланууда.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Россиялык Numiland интернет-аукционуна 5 жана 200 сомдук сатыкка коюлду.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш жана 10 номиналындагы кыргыз сому ebay порталында 1200 долларга сатылууда
5 сом номиналындагы банкнотанын баштапкы баасы 2 700 рубль, же 2 900 сом. Анын номери 0000000 (сериясы BH).

Ал эми 200 сомдук 4,2 миң рублга (4,5 миң сом) бааланууда. Анын баасы дагы 0000000 номерине байланыштуу (сериясы СА).

Анткен менен КР Улуттук банкынан мындай номерлүү акчалар колдонууга чыкпай, үлгү катары пайдаланыларын айткан. Бирок сөз болуп жаткан купюраларда "Үлгү" деген жазуу жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0