Суучулдар кызды куткарам деп чөгүп кеткен кишини убактылуу издебей турган болду

© Фото / Пресс-служба ГУ МЧС России по Хабаровскому краю / Медиабанкка өтүүВодолаз. Архивное фото
Водолаз. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стручалиндин артында аялы менен үч баласы калды .

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда суучулдар тобу Орус православ чиркөөсүнүн Кыргызстандагы епархиясынын юридикалык кызматынын башчысынын орун басары, экс-вице-премьердин мурдагы жардамчысы Александр Стручалинди издөө иштерин убактылуу токтотту. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Александр Стручалин аялы, балдары менен Жети-Өгүз районундагы "Натали" пансионатында эс алып жүргөн. 23-июль күнү болжол менен саат 12.00дөр чамасында ошол арада кыз айдап жүргөн скутердин мотору өчүп, суунун ортосунда калган. Адамдын кооптуулукта турганын көргөн Стручалин суунун ортосун көздөй сүзүп жөнөп, жарым жолго жеткенде, жок болуп кеткен.

"Издөө иштери туугандарынын макулдугу менен убактылуу токтотулду", — деп айтылат маалыматта.

Стручалиндин артында аялы менен үч баласы калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0