Урицкийби, Үсөновбу... жаза тайып чет жакка качсаңыз, атыңыз ким болмок? Оюн

2118
(жаңыланган 11:01 03.08.2018)
Акыркы күндөрү Даниил Урицкий аттуу ысым Кыргызстанда кызуу талкууга түштү. КРдин Тышкы иштер министрлиги "белоруссиялык" ишкерди Данияр Үсөнов экен деп тастыктады. Ал 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен эле.
© Sputnik

ТИМ Үсөнов Белоруссияга качканын тастыктап, 2016-жылы паспортун өзгөртүп Урицкий Даниил Тимурович болуп өзгөрткөнүн маалымдады.

Бул жаңылык коомчулукка тарагандан кийин социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы премьеринин жаңы атына байланышкан мемдер пайда боло баштады. Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү ысым Белоруссиядагы көп колдонулган аттын негизинде тандалганын болжошууда.

Аты-жөндү өзгөртүү темасы популярдуу болуп жаткандыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги сиздер үчүн "Жаза тайып, башка өлкөгө качсаңыз, сиздин атыңыз кандай болмок?" деген оюнду даярдады.

Теске киришээрден мурда, өх-ххх… деп бир дем тартып алыңыз. Бул эми болгону сизге, бизге жылмаюу тартуулай турган тамаша.

2118
Белгилер:
качуу, Даниил Урицкий
Тема боюнча
Үсөнов (Урицкий) боюнча кыргыз тарап Белоруссиянын дипломатына нота тапшырды
Данияр Үсөнов Даниил Урицкийге айланып, Белоруссияда бизнесин гүлдөтүп жатабы?
Салмак таштоо.Архивдик сүрөт

Беш айда 40 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун сырын ачты

15
Индиялык кызга дарыгерлер канында канттын жана холестериндин деңгээли жогору экенин, булар ден соолукту талкалай турганын айтканда ал арыктоону чечкен.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Индияда беш айда 40 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун сырын ачты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

32 жаштагы Саана Шеттинин айтымында, дарыгерлер анын канында кант менен холестерин жогору экенин, булар ден соолукту талкалай турганын айтканда капалана нес болгон. Кийин ал өзүн колго алып, арыктоону чечкен. Анда анын салмагы 125 килограмм болчу.

Анын айтымында, салмак таштоонун сыры жеген тамактын түрүнөн эмес анын көлөмүнөн көз каранды.

"Ченеми менен жеш керек. Тамактын порциясына тыкыр көз салып жатып кыска убакытта чоң салмактан арыла алдым. Ошондой эле азыкты жакшылап чайнап туруп анан жутуш керек", — деген ал.

Мындан тышкары, дароо шекерден, ун азыктарынан жана вегетериандык эмес азыктардан баш тарткан. Буга кошумча жөө басып, йога менен алектенген.

15
Белгилер:
тамактануу, салмак, арыктоо, Индия
Тема боюнча
Кыргызстанда ашыкча салмак менен эркектер көбүрөөк жабыркайт. Статистика
Дагестан: пенсионер беш саатта 10 килограммга жакын салмак таштаган
Дарыгер салмак коштурчу суусундуктарды тизмектеп берди
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев. Архивдик сүрөт

Бишкекте айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт

9
Министр Тилек Токтогазиев дүйнөдөгү айыл чарбанын тез өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттар түзүлүшү керектигин айткан.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.

"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.

Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.

9
Белгилер:
жыйын, Тилек Токтогазиев, өнөр жай, тамак-аш, айыл чарба, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда былтыр канча азык-түлүк өндүрүлдү. Сандар