Колуна кишен салынган Сапар Исаковду сот залына алып киришти. Видео

© Sputnik / Нурис АлымбаевКыргызстандын мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына Сапар Исаковдун 30дай жактоочусу келди.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча баш коргоо чарасын караганы жатат.

Учурда Сапар Исаков сот залына кирип кетти. Сот жабык эшик артында өтөт. 

Буга чейин Жогорку сот Исаковду 5-августка чейин камакта калтыруу боюнча чечим кабыл алынганын маалымдаган.

Чай ичишип жүрчү элек го! Сапар Исаковдун апасы президентке кайрылган видео - Sputnik Кыргызстан
Чай ичишип жүрчү элек го! Сапар Исаковдун апасы президентке кайрылган видео
Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына мурдагы премьердин 30дай жактоочусу келди. Алардын ичинде Исаковдун апасы Нургүл Өмүрбаева, жубайы Малика Исакова да бар. Андан сырткары, Исаковдун мурдагы кеңешчиси Гүлнур Төралиева жана маалымат катчысы Урмат Кабылова да жүрөт.

Сапар Исаков Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыгын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга чоң  зыян келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0