БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Фейктер менен күрөшүп баштаган Facebook жана Instagram 30дан ашуун аккаунтту өчүрдү. Бул туурасында Facebook компаниясынын билдирүүсүндө айтылды.
"Бүгүн Facebook менен Instagram тармагынан 32 аккаунтту өчүрдүк. Себеби алардын жалган, так эмес маалыматтарды улам берип турууга тартылганы маалым болду. Мындайларга Facebook уруксат бербейт. Биз кээ бир адамдар же уюмдар аккаунттардын чынжырчасын түзүп алып, башкалардын башын айлантып, такталбаган маалыматтарды таратышын каалабайбыз", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Фейк аккаунттардын кайсынысы өчүрүлгөндүгү тууралуу так кабарланган эмес.Буга чейин америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары Россияны Дональд Трамптын президенттик шайлоосуна социалдык тармактар аркылуу колдоо көрсөттү деп күнөөлөп, бирок далил табылган эмес. Тагыраагы, алар Санкт-Петербургдагы "Интернетти окуп-үйрөнүү боюнча агенттик" (Internet Research Agency) туурасында айтышкан.
Апрель айында Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 270ден ашык баракча менен аккаунттун блокко алынгандыгын айткан жайы бар. Ал ишмердүүлүгү чектелген бир нече аккаунттар "россиялык маалымат уюмдарына" тиешелүү деген пикирин кошумчалаган. Facebook пикири боюнча, бул IRA тарабынан көзөмөлгө алынып турган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.